“Диний караңгылык каптаган” Сауд Аравиясында камакка алуулар…

Сауд Аравиясында баарын падыша башкарат. Падышалык атадан-балага мураска өткөрүлүп берилет.

Азыркы падыша Салман бин Абдель Азиз өзүнүн мураскери-ханзаадалыкка уулу Мухаммед бин Салманды дайындаган. 32 жаштагы ханзаады картайган атасынын ордуна иш жүзүндө падышалык кылып, Сауд Аравиясында эң таасирлүү фигурага айланып отурат.

Мына ушул ханзаада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет түзүп, аны өзү башкарууда. Комитет  4-ноябрда 11 ханзааданы, алардан сырткары 38 министр, депутат жана башка таасирлүү адамдарды камакка алды. Камалгандардын арасында дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, ханзаада Валид бин Талял бар. Анын байлыгы 17 млрд. доллар деп эсептелет жана ал дүйнөлүк ири компаниялардын акцияларына ээ.

32 жаштагы ханзаада Сауд Аравиясын модернизациялоого киришерин жарыялаган. Ал модернизациялоонун алкагында 500 млрд .долларга НЕОМ аттуу жаңы шаар курарын жарыялаган.

Ханзаада Мухаммед бин Салман Сауд Аравиясында аялдарга да анча-мынча укук берүүдө. Анын ишаарасы менен бул өлкөдө жакындан бери аялдарга автоунаа айдоого уруксат берилди…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар