Дагы бир мандемдүү тандем…

17-сентябрда Жалал-Абадда Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаев тандем түзүшкөнүн жарыялап, келишимге кол коюшту. Ага ылайык президенттик шайлоодо алар жеңишке жетишсе Бабанов президент, Төрөбаев өкмөт башчы болмокчу.

Саясий күчтөрдүн биригүүсү жана келишимдерге жетишүүсү жакшы. Бирок ал биригүү эмненин негизинде болуп жатат?

Төрөбаев Жалал-Абадда тандем келишимине кол коюлар алдында идеяларбыз жакын, максаттарыбыз бир деп негиздеди. Бабанов да ошондой жалындуу сөздөрдү айтты.

Бирок Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр тандеми Өмүрбек Бабановдун президенттик программасына каршы келет. Биз билгенден Өмүрбек Бабанов аткаруу бийлигин эки баштуу эмес, бир баштуу болушун жактайт. Ал республика таза президенттик же таза парламенттик башкарууга өтүш керек деген идеяны айтып келатат. Башкача айтканда, аткаруу бийлигинин башында же президент же өкмөт башчы болуш керек. Эки баштуу, бири-бирин кайталаган азыркы система жарабайт деген.

Ал эми 17-сентябрда Бабанов жана Төрөбаев кол койгон тандем келишими азыркы бузук системаны сактоону көздөйт. Демек, мурда жарыяланган идея жана принциптерге каршы келет.

Мына ушундай утурумдук кызыкчылыктардан улам кол коюлган келишимдер ошондуктан узак барбай, саясатчылардын биригүүсүнөн ажырашуусу ылдам болуп келатат…

Айтып кете турган нерсе, Бабанов менен Төрөбаев бир кезде биригип, андан кийин ар ким өзүнчө саясат деңизинде сүзүп кеткен. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Төрөбаев Бабановдун «Республика» партиясы менен парламентке келип, ички келишпестиктерден улам бөлүнүп кеткен. Акыркы парламенттик шайлоодо «Өнүгүү» партиясын жетектеп жеңишке жетишти. Ал эми Бабанов Камчыбек Ташиев менен биригип, «Республика-Ата журт» партиясын парламентке алып келген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар