Д.Медведев: Орус-америка мамилеси оңолоруна үмүт өчтү

Мындай пикирин орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Орус премьер-министри Орусияга санкция жарыялаган мыйзамды АКШ Конгресси кабыл алып, президент Дональд Трамптын кол койушу менен “АКШ иш жүзүндө Орусияга каршы соода согушун ачты” деди. Ошол эле учурда “санкцияга карабай Орусия өнүгө алат. Социалдык жана экономикалык маселелерде чече беребиз. Өзүбүзгө гана таянабыз”, деп белгилеген Медведев.

Дональд Трамп Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга санкцияларды катаалданткан мыйзамга шаршемби күнү кол койду. Орусия ал санкцияларга кескин каршылыгын билдирип жатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар