ЦРУ Ким Чен Ынды мелжеп калды…

ЦРУнун башчысы  Майкл Помпео “эгерде Ким Чен Ын капысынан житип кетсе, анда ал бул окуя боюнча эч нерсе айтпасын” билдирген. Ошондой эле ал ЦРУ мындан ары “заардуураак агенттик болорун” кошумчалаган.

ЦРУнун башчысынын мындай билдирүүсүнө эл аралык эксперттер пикирин билдирип, ЦРУ Ким Чен Ынды жоготууну көздөп калды дешүүдө. Бирок аны жок кылуу канчалык реалдуу деген суроолор да жаралууда.

АКШ менен Түндүк Кореянын тирешүүсү акыркы кезде абдан күч алды. Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү мындай тирешүүдөн Корей жарым аралында ядролук согуш ар кайсы учурда чыгып кетиш мүмкүндүгүн жакында эле эскерткен.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар