Чубак ажы учурашкан Гүлен ким?

Эки чуулгандуу диний ишмер  АКШда жолугушту. Ал жолугушууну тастыктаган фото сүрөт интернетке тарады. Жолуккандар Түркия эң катуу издеп жаткан Фетхуллах Гүлен жана Кыргызстанда тарапкерлери эң көп эсептелген Чубак ажы Жалилов. (Түркияда Фетхуллах Гүлен жетектеген уюм, кыскартылганда ФЕТО-террордук уюм деп жарыяланган (Fethullah Terrorist Organization (FETO)

Эки диний ишмер ызы-чуулу окуяларга кириптер болгон. Чубак ажы Жалилов намаз учурунда мамлекеттик мекемелерде тыныгуу жарыялоо боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккан депутат Жанар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратуу, ал эле эмес аны мусулманчылыктан чыгаруу чакырыгы менен чуу жараткан.

Ал эми Чубак ажы Жалилов жолуккан Фетхуллах Гүлен ким?

Ал 2016-жылдын 15-июлуна чейин жаштарга ислам менен катарлаш заманбап билим берүүнү жактаган динаятчы катары белгилүү болгон.

Кыргызстанда Себат билим берүү мекемелерин ачып, ал аркылуу идиректүү балдарды иргеп ала баштаган. Ал муну менен кошо билим берүү сферасында олуттуу бизнес жасап жаткан. (Себатта кыргызстандыктар балдарын кымбат төлөө менен окутуп жатканы баарыбызга белгилүү).

Себат Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө кулачын жайып, билим бизнеси өркүндөп жаткан. Мына ушундай жайыл турмушка өзгөрүү өткөн жылы кирди. Ал жылы 15-июлда Түркияда коркунучтуу мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалды. Куралдуу күчтөрдүн айрым бөлүктөрү катышкан ал төңкөрүштө 265 киши өлүп, жүздөгөндөр жарадар болгон.

Түркиянын президенттик сарайы, парламенти аскерий учак менен ракетадан аткыланган. Президент Режеп Тайип Эрдогандын өмүрүнө кол салынып, ал өтө кыйчалыш жагдайларда аман калган.

Түрк өкмөтү бул кандуу төңкөрүш боюнча Фетхуллах Гүлен жана анын “Кызмат” (Хизмет) кыймылын айыптаган.

Түрк өкмөтү бул кыймылдын тарапкерлерин абакка салып, ал эми лидери Гүленди АКШдан өткөрүп алууга аракеттенүүдө. Бирок ал аракети натыйжа бербей келатат.

АКШнын Гүленди бербей жатышы, төңкөрүш артында ЦРУ турат деген түкшүмөлдөрдү ого бетер күчөтүүдө.

Ал эми ЦРУ жана АКШга Түркияда төңкөрүш жасоонун кандай зарылчылыгы бар эле деген суроого төмөндөгү жагдайлар жооп берет.

Түркия акыркы жылдары өз алдынча ички жана тышкы саясат жүргүзүп, АКШ баштаган батыштын жетегинен чыгып бараткан. Анын эң бир ачык далилдеринин бири Анкаранын Москва менен жакындашуусу.

Түркиянын мына ушинтип эл аралык аренада өз алдынча “оюнчу” болуу аракети Вашингтон жана Батыштын жаалын келтирип, ал түрк жетекчилигин жаманатты кылуу үчүн ар кандай чагымдарды уюштурууга киришкен. Гези паркындагы окуялар, күрттөрдүн колтугуна суу бүркүү мына ошол чагымдардын көрүнүктүүлөрүнүн бири.

Бул чагымдар натыйжа бербегенден кийин алар аскерий кутум уюштуруп,өздөрүнүн куурчагын түрк мамлекетинин башына алып келүүгө 2016-жылы 15-июлда чечкиндүү аракет жасашкан.

Түрк калкынын түп көтөрүлө чыгышы гана кутумду токтотуп, ЦРУ колдогон гүленчилердин аракети ишке ашпай калды.

Түрк калкы каргыш айтып, бийлиги сот жообуна тартууну көздөгөн Гүлен менен Кыргызстандын диний аалымы жолугушуп, аны мактап-жактап жатат!?

2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүштөн кийин кыргыз бийлигинин да гүленчилерге чара көрүүдөн баш тартуусу расмий Анкара менен Бишкектин мамилесинин солгундашына алып келген…

 

There are 5 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар