Чоң-Алайда 1 миңдин тегерегинде үй зыянга учураган

Алар авариялык абалда жана оңдоолорго муктаж. Бул тууралуу 1-июнда парламентте Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирген. Май айында кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги жер титирөө Чоң-Алайдын Тажикстанга жакын айылдарындагы үйлөргө чоң зыян алып келген. Аларга жардам берүү үчүн 13 млн. сомдун тегерегинде каражат топтолгону айтылды.

Оппозициялык саясатчылар өкмөт жана бийлик табийгат кырсыктары алып келген кесепеттерди жоюда эч кандай аракет жасабай жатат деп сынга алып жатат. Алар мурунку президенттер тушунда жапа чеккен жарандарга  жардам өз убагында берилип, мамлекет  чыгымдарды көтөргөнүн эске салышат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар