Чиновниктер тумшугу Шамбесай “ташына тийгенде”…

Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин ачууга жергиликтүү калк караманча каршы болуп келатат. Калктын каршылыгына экологиялык коркунуч жана Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгынын эч каралбаганы себеп.

Быйылкы жылдын 2-февралында миңдеген адамдар Шамбесай алтын кени жайгашкан Майдан айылына чогулуп, кенди ачууга жол бербейбиз дешкен. Ал жыйынга Шамбесайды иштетүүгө лицензия алган кытайлар, район акими Жаныбек Исаков баш болгон жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин адистери катышкан эле.

Кадамжайда жергиликтүү калктын жалпы каршылыгына Бишкекте жашаган ал райондон чыккан инсандар да үн кошуп, бийликке кайрылуу жолдогон.  13-августа Жаныбек Исаков, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Бишкектеги кадамжайлыктар менен жолугушуп, кенди ачууга алардан колдоо табууга “жылчык” издеп көрүштү.

Бирок Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Абдыкайым Абсатаров, Абдыхалил Кошбаков баш болгон аксакалдар, Бегали Токтоматов сыяктуу патриот жана демилгелүү жаштар кенди ачууга каршы турган калк менен экенин ачык билдиришип,  аргументтерди келтиришти.

Натыйжада бийлик өкүлдөрү “тумшуктары ташка тийгендей” болуп, “эл тарапта экендиктерин” бирок “мамлекеттик кызматкер катары милдетин аткарууга аргасыз болуп жатышканын” моюнга алышкан…

Шамбесай алтын кени 150 миң адам суу ичкен Исфайрам дарыясына, Майдан айылына өтө жакын жайгашкан (500 метрдей). Кытайлар кенди карьера (жардыруу) жол менен алабыз, комбинатты ошол жерге курабыз деп пландашууда. Шамбесайда 15 тоннанын тегерегинде алтын бар экени аныкталган.

Мына ушул алтын кенин казуудан Майдан айыл өкмөтүнө «инвестор» беш жыл ичинде 40 млн. сом же жылына 8 млн. сом берүүгө убада кылган. Бул эмне деген маскаралык, талап-тоноо!?

Майдан айыл өкмөтүндөгү айылдар багбанчылык боюнча эң алдыда турган айылдардан. Кээ бир кожолуктар жылына алма, гилас, шабдаалыдан 1 млндун тегерегинде киреше алат. Жардыруулардан, комбинат иштетүүдөн экология бузулса, түшүмгө зыян келет. Муну чиновниктер билсе да моюн толгоп, кен ачылыш керек деп кежеңдеп келатышат…

Кенде Кыргызстандын 1% да үлүшү жок (мындай нерсе Кыргызстандагы бардык алтын кендерине мүнөздүү көрүнүш. Бир нече коррупционер жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылабыз деген шылтоо менен мамлекеттин кен байлыктарын талап-тоноп, экологияга эбегейсиз зыян келтирүүдө).

Мына ушундай шартта алтын кенди талап-тоноого, экологияны бузууга жол бербеген Исфайрам жээгинде жайгашкан калк жалпы Кыргызстан калкына өзүнүн укугун, экономикалык кызыкчылыгын, экологиясын коррупциялашкан чиновниктерден коргоодо үлгү болушууда.

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар