Чеги жок уурулук жана кошоматчылык…

2010-жылдан кийин ушундай заман өкүм сүрдү. Чеги жок уурулук болуп жатканы шекшилген. Бирок эч ким кайсы долбоор кандай аткарылып жатканын суроого дааган эмес.

Уурулуктун көшөгөсүн кыштын суугу, Бишкек ЖЭБинин авариясы ачып койду. Ансыз жабылуу аяк жабылуу бойдон калат эле. Эми мына Жараткандын амири менен баары ачылып отурат.

Көрсө, анткорлонгон Атамбаев бийлиги Максим Бакиев 150 млн. долларга курууну көздөгөн  Бишкек ЖЭБин 386 млн. долларга, үстөгү менен дээрлик 500 млн. долларга чала-чарпыт, 30%га оңдомуш болгон экен.

Болуп көрбөгөндөй уурулук 600 долларга кычкач, 15 миң долларга видеокамера алуудан баштап, түрдүү ойлоп чыгарылган чыгашаларга ондогон миллион долларларды жазып коюудан көрүнүп турат…

Бул ачылган фактылар Атамбаев доорунда Датка көмөкчү чордонуна 208 млн. доллар, Датка-Кемин электр линиясы үчүн 400 млн. доллар, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу үчүн 850 млн. доллар кандай сарпталган деген чоң суроону жаратууда.

Атамбаев баштаган альтернативдик жолдун узундугу 433 чакырым келет. Ал үчүн 850 млн. доллар Кытай насыясы алынган.

1996-жылдан 2001-жылга чейин толук  реконструкцияланган Бишкек-Ош жолу үчүн Акаев доорунда 400 млн. доллар сарпталган. Узундугу болсо  548 чакырым келген. Жол үчүн Дүйнөлүк банк, Азия банкы насыя бөлгөн. 40 жылга. Үстөгү 0.75% болгон. Жеңилдиктери да болгон…

16-майдагы парламенттеги талкуу көрсөткөндөй –Кытайдын жүз миллиондогон доллар насыяларын Сапар Исаков жана Алмазбек Атамбаев каалагандай калчаган экен. Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев башкы жүгүртектерден болгон экен…

Жогорку Кеңеш болсо “алданган кыздай” болуп, актанып жатат… Билбей калыппыз, бизди шаштырып, алдап кетиптир деп…

Маселен, Атамбаев, Исаковдун айдактоосу менен 2013-жылы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөтү сунуштаган 386 млн. доллар насыяны алуу боюнча келишимди ратификациялаган кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков, анын орун басары болгон Төрөбай Зулпукаров “бизди шаштыргансыңар” деп бир жагынан актанып, экинчи жагынан доомат коюп жатты…

Булар шаштырса кете берген жаш бала беле? Алар Жантөрө Сатыбалдиевдин шаштыруусунан эмес,  Атамбаевдин буйругун ылдам аткарып, көзгө көрүнүү үчүн үч окуудан заматта өткөрүп, жин куугандай түрдө ратификациялашкан. Кошоматы ушунча күчтүү болгондуктан мамлекет кандай абалга кептелет? ТЭОсу жок демек, эсеп-кысабы жок нерсе эмнеге алып келет деп ойлонушкан эмес. Анткени аларга ал кезде мамлекеттин келечеги эмес, Атамбаевге жагынып калуу маанилүү болгон.

Албетте, аларга коррупция пирогунан чоң сындырым тийген эмес. Аны тар чөйрө бөлүп алган. Ошондуктан учурда Жогорку Кеңеште алардын актануусуна негиз бардай. Бирок аларда саясий жана моралдык жоопкерчилик бар. Жалпы эле Жогорку Кеңеште саясий, моралдык жоопкерчилик бар. Аны эч ким жокко чыгара албайт.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар