Ч.Турсунбеков “тескери учкан жагалмайбы” же…

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 30-июнда маалымат жыйынын өткөрдү. Анда төрага Жогорку Кеңештин жайкы сессиясынын жыйынтыктап эле калбай, президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жашырбады. Муну менен ал Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ичиндеги интриганы ого бетер күчөттү.

Буга чейин партиянын лидери, президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу  менен КСДПнын саясий кеңеши  президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн эле. Бирок бул чечим партиянын курултайында бекитилиш керек. Партиянын курултайы болсо 15-июлга белгиленгени маалым.

Ага чейин пайда болгон айрым жагдайлар, анын ичинде Чыныбай Турсунбековдун президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниети  КСДП талапкерин алмаштырып жибереби деген суроолорду, Сооронбай Жээнбеков партиянын курултайында бекитилбей калабы деген шек, күмөндөрдү жаратып, интригага жол ачууда.

Президент Атамбаев Сооронбай Жээнбековду бир жагынан  кемсинткендей, экинчи жагынан жупунулугун көрсөткөндөй сөздү айтты. Ал  өкмөт башчынын талапкерлигин колдоп, бирок “Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жасаган иши тууралуу да айта албайт” деди.

Өз ишин жөндөп айта албаган киши президент болсо, ал башка өлкөлөрдүн президенттери менен кантип сүйлөшөт да, эмнени айтып бере алат деген суроолор жаралат…Же Алмазбек Атамбаев жанында болуп, айтып турабы?

Чыныбай Турсунбеков болсо “Мен бардык сырларды ача албаймын.Талапкерлигимди көрсөтүүгө убакыт бар. Баарынан кабардар болосуңар. Убада берем”деп экиленүүдө.

Ал эми партия Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүүсүнө капаланган, таарынган жоксузбу деген суроого Чыныбай мырза “Али кимге таарынычтуу болору белгисиз. Чечим кабыл алынды, болгону ошол” деп ого бетер сырданды.

Мына ушул жарым-жартылай айтылган сөздөр жана кыйытмалар партия ичинде Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине ишенбөөчүлүктөн кабар берет. Ошондуктан партия расмий түрдө Жээнбековду көрсөтүп, бирок параллель түрдө Чыныбай Турсунбековдун да  чыга беришин чечкендей. Албетте, ал өзүн-өзү көрсөтүү менен барат.

Эгерде шайлоо өнөктүгү учурунда  Сооронбай Жээнбеков такыр эле тарта албай калса (рейтинги өтө төмөн болсо), анда партиянын бүт ресурсу Чыныбай Турсунбековго бурулат. “Бардык сырларды айта албаймын” деген Чыныбай Турсунбековдун сырдануусунун сыры ушул жерде жаткандай…

Эгерде андай болбой, Чыныбай Турсунбеков президент Алмазбек Атамбаевдин каарына калуудан чочулабай (КСДПнын ичинде баары бир интрига жаралып, биримдик бузулууда) талапкер болууну чечсе, анда бул башка маселе. Анда бул Турсунбековдун саясий жактан жетилип, чоң таймашка түшүүгө даярдыгынан, тобокелчиликке баруудан кайра тартпасынан кабар берет.

Албетте, төрагамын-даражам жетиштүү, бизнесим бар- акча жетиштүү, “Манастан Чубак кем бекен”,  мен чыкпаганда, ким чыгат дегендей көпкөлөңдүк, өз мүмкүнчүлүгүн, дараметин эсепке албоо да болушу ыктымал…

 

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар