Бюджетиң кандай Кыргызстан?

Сапар Исаковдун өкмөтү келерки жылдын бюджет долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады. Анын негизги параметрлери төмөнкүдөй:

Республикалык бюджеттин кирешеси келерки жылга 142 млрд. 581 млн. сом, чыгашасы 162 млрд. 849 млн. сом деп белгиленген. Демек, бюджеттин тартыштыгы 20 млрд.  сомдон көп болот.

Республиканын Ички дүң продукциясы келерки жылы быйылкы жылга салыштырмалуу 3.6% өсөт деп белгиленген. Экономиканын өсүшүнө салым кошкон тармактардын бири катары айыл чарбасы аталган. Бул тармак өкмөттүн эсеби боюнча келерки жылы 3.2% өсүүгө тийиш. Тармактын мынчалык өсүшүнө түртү бере турган шарттардын бири катары кыргыз-казак чек арасында фитосанитардык көзөмөлдүн алынышы аталган. Бирок казак тарап фитосанитардык көзөмөлдү тескерисинче күчөтүп жатат. Ошондуктан өкмөттүн келерки жылдагы бюджеттеги параметрлерди аткаруусу эмитен эле чоң күмөндө турат.

Кыргыз мамлекетинин мойнан илинген өтө оор жүк- тышкы жана ички карыздарды төлөө болуп калууда.  Маселен, келерки жылы бюджеттен ички жана тышкы карызды төлөөгө 25.6 млрд. сом бөлүнөт.

2019-жылы бул дагы өсүп, төлөнө турган сумма 28 млрд. сомдон ашат. Эң оор жыл 2020-жылы келет. Бул жылы карыз төлөөгө бюджеттен дээрлик 35 млрд. сом  бөлүнүш керек.

Атамбаевдин бийлиги ой келди ала берген карыздын кесепети ал кеткенден кийин мамлекетке тийип, өтө чоң оорчулук жаратат эми…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар