Бюджет тартыштыгы менен кабыл алынды

29-ноябрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин жактырды. Республикалык бюджеттин кирешеси 140 млрд. 882 млн. сом, чыгашасы 161 млрд. 149 млн. сом деп пландаштырылды. Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сом болуп калды. Быйылкы жыл да мына ушундай өлчөмдөгү тартыштык менен кабыл алынган.

Кыргызстан бюджети 2019 жана 2020-жылдары да тартыштыгы менен болушу күтүлөт. Маселен, 2019-жылга болжонгон бюджет долбоорунда киреше 142 млрд. сом 129 млн. сом, чыгаша 162 млрд. 339 млн. сом, тартыштык 20 млрд. 209 млн. сом деп жактырылды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар