Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк» этнофестивалы учурунда 15-июлда бүркүт кол салган сегиз жаштагы кыздын абалы дурус. Бул тууралуу окуяга күбө болгон режиссер Эрнист Абдыжапаров  билдирди.

Ал кызды ооруканага алып барып, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жибергенин айтты:

— Бул жерден эч кимди күнөөлөп болбойт. Парад учурунда бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калды. Бүркүт ага жаныбарларды тыткандай катуу кол салбаптыр. Азыр абалы жакшы, — деди режиссер.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылында «Тескей жээк» этнофестивалы өтүүдө.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар