Брюсселде Европа Биримдигинин саммити башталат

Бул президенттик шайлоодо, андан кийин парламенттик шайлоодо ишенимдүү түрдө жеңишке жетишкен Франция президенти Эманнуэл Макрондун евросаммитке биринчи  катышуусу болот. Саммит 22-23-июнда болот. Анын алдында Макрон Германия менен өз ара “ишенимдеги альянс” түзүү ниетин билдирген.

Германия жана Франция Европа Биримдигинин негизин түзгөн ири мамлекеттер. Либералдык маанайдагы Макрондун Францияда жеңишке жетишүүсү Европа Биримдиги ыдырайт деген божомолдорго чек койду.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар