Броун кыймылы…

Кыргыз саясаты учурда атактуу броун кыймылын элестетет. Баары чалды-куйду кыймылдап, союздаш издөөнүн аракетинде. Маселен, “сени биринчилерден болуп отургузам” деп Бабановго кезенген президент Сооронбай Жээнбеков Бабанов менен тил табышуунун белгилерин бере баштаганы качан?!

Май айында Бабановдун баласын кучактап, башынан сылап, “атаңды кууган мен эмес, Атамбаев” дегендей  белги берген эле. Эми болсо Бабановго козголгон кылмыш иштин токтотуп, анын Кыргызстанга келишине жол ача баштады.

С.Жээнбековдун негизги оппоненти болуп жаткан Атамбаев да оңдон-солдон союздаш издеп жаны тынбай жатат. Ташиев менен сүйлөшүп, Н.Түлеевге кол сунганы калың элге ашкере болгондорунан. Кезинде Равшан Жээнбековду “ууру” деп акшыңдаган Атамбаев эми Равшан менен да “шилекейлешип” дос болууга даяр. Бийликке келүү үчүн баарына даяр турган Равшан Жээнбеков да Атамбаев менен “парламентаризм курат элем” деп жатат.

Жогорку Кеңеште, саясий чөйрөдө 2020-жылдагы парламенттик шайлоого кимдер менен барабыз, президент Жээнбеков партия түзөт бекен, түзсө бизди кошот бекен, Атамбаевдин этегин кармай берсек кандай болот экен дегендер абдан эле арбын.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар