Британияда Брекситтин айынан кезексиз парламенттик шайлоо болду

Экзитпол боюнча анда азыркы өкмөт башчы Тереза Мэй башында турган консерваторлор бейшемби күнү өткөрүлгөн шайлоодо жеңишке жетишти. Бирок алар абсолюттук көпчүлүккө ээ болбой калышты.

БиБиСи, Ай-тви жана Скайньюс жүргүзгөн экзитпол боюнча консерваторлор 318 мандатка ээ болду. Бул мурункуга караганда 13 мандатка аз. Лейбористтер 267 мандатка ээ болду. Бул мурункуга салыштырганда 37 ге көп. Либерал-демократтар 11 мандат алышты.

Британ парламентинин төмөнкү палатасы 650 депутаттан турат. Ошондуктан  абсолюттук көпчүлүккө ээ болуш үчүн партия кеминде 326 мандатка ээ болуш керек.

Британия өткөн жылы Европа Биримдигинен чыгуу боюнча референдум өткөрүп, анда чыгууну жактагандар жеңишке жетишкен. Референдумдун жыйынтыгында өкмөт башчы Дэвид Кэмерон кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Анын ордуна келген Тереза Мэй жаңы парламентик шайлоо өткөрүүнү чечти. Бирок анын жыйынтыгы ал үчүн ыңгайлуу эмес болуп чыгууда. Эми Тереза Мэй Брексит боюнча парламентте татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болору айтылууда.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар