Бишкектин биринчи вице-мэри да президент болом дейт

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков да президенттик шайлоого талапкер катары катышууну көздөп, өзүнүн талапкерлигин көрсөттү.  Эрнис мырзадан талапкерликке арыз келип түшкөнүн  БШК жума күнү кабарлады.

Талапкерликке көрсөтүүнүн акыркы күндөрүндө “Чоң казат” партиясы да курултайын өткөрүп, коомчулукка журналист катары белгилүү Турат Акимовдун талапкерлигин колдоду. Партия чечими БШКага келип туштү. Турат мырза партиянын лидери.

Эрнис Зарлыков көп мезгилден бери борбордун финансы тармагында жетекчилик кызматта эмгектенип келген болсо, 2000-жылдары финансы тармагына өткөн.

2011-2016-жылдары Бишкектин финансы башкармалыгын башкарса, быйыл апрель айынан тарта биринчи вице-мэр кызматын аркалап келатат.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов биринчи орун басарынан кутулайын деп шайлоого аттантып жатабы же бийликтин башка көздөгөнү барбы?…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар