Бишкектин абасы бузулду. Аябай бузулду…

Бишкектин абасы бузулду. Аябай бузулду. Булгануу кадимки нормадан үч эсе көп болуп жатканы кабарланды. Буга эмне себеп? Автомашиналардын көптүгү, шаарды тегерете турган жаңы конуштарда, шаардын ичинде жер үйлөрдө көмүрдүн жагылышы, Бишкек жылуулук борбору (ТЕЦ) жана Кант цемент заводу, темир эриткен чакан заводдордун түтүндөрү, Бишкектин четиндеги таштандынын ар дайым быкшып түтөп туруусу…

Бийликтин аба тазалыгын ойлоого чамасы да, акылы да келбей турат. Жарандар да четке чыга беребиз…

А мындай алганда адамзат, жалпы жан-жаныбар, тирүүлүк үчүн АБА эң биринчи керек нерсе. Суусуз бир нече күн өмүр сүрөсүң, абасыз эки-үч мүнөт гана…

Бишкектин абасын өтө булгануудан сактоо үчүн эскилиги жеткен жүк ташуучу автоунаалардын (өзгөчө Камаздар), автобустардын жүрүшүн чектөө (Бишкек мэриясы Нариман Түлеев алып келген автобустарды айдап чыгарат, алар артынан кара түтүн буркурап, кара туманда калтыргандай жүрөт,) керек.

Дегеле жеңил машина болобу, башкасы болобу артынан кара түтүнү буркурагандарга айып пул салуу укугун МАИ кызматкерлерине берүү өтө зарыл.

Канттагы цемент заводу баш болгон заводдордун, ТЭЦтин фильтирлерин катуу текшерүү сыяктуу чаралар да бар.

Ал эми үйлөрдү жылытууну газ, электрге өткөрүү абанын тазалыгын сактоодо эң чоң кадам болмок. Бирок Кыргызстандагы жакырчылык шартында, электр энергиясын өндүрүү өспөй жатканда, анын аткарылышы өтө кыйын…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар