Бишкек ЖЭБине жумшалган акча эсеби

Кыргызстандын Эсеп палатасы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн бөлүнгөн 386 млн. доллардын кандай сарпталып жатканын 2015-жылы эле текшерип аныктаган. Ошондо эле модернизациялоо техника-экономикалык негиздемеси жок эле жасалып жатканын жана акча эсеби так эместигин Эсеп палатсыаныктаган деп жазат “Кактус.медиа” сайты 16-мартта.

Эсеп палатасына  386 млн. доллардын кандай иштетилип жатканы тууралуу ТВЕА төмөнкүдөй маалымат берген:

  1. Жабдуу жана материалдар үчүн-164.6 млн. доллар;
  2. Курулуш иштери үчүн-66.7 млн. доллар;
  3. Монтаж жана ишке киргизүү иштери үчүн-64.2 млн. доллар;
  4. Андан башка чыгашалар-63 млн. доллар. Анын ичинде административдик чыгаша 19.2 млн. доллар;
  5. Көзөмөлдөө үчүн сарпталган каражат-7.4 млн. доллар;
  6. Кызматкерлерди жана техникалык механизмдерди ташуу үчүн-12.4 млн. доллар;
  7. Демонтаждоо иштери үчүн-18.3 млн. доллар;
  8. Калган жабдуулардын дурус иштеши үчүн чыгашалар-9.1 млн. доллар.

 

Мына ушинтип чыгашалар “оптом-оптом” жазылган. Алардын ичинде жанагы айтылып жаткан 600 долларлык кычкачтар, 14.5 миң долларлык видеокамералар болгон…

Эсеп палатасы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 386 млн. долларды карактоо болуп жатканын ошондо эле билип, бирок кимдин каарынан улам аны ачык чыгарууга батынбады экен?

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар