Бириккен төрт саясатчы Баткенге келди

Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев 12-августа Баткенге келишти. Бир партияга биригише турганын 7-августа жарыялаган төрт саясатчы региондорду кыдырып, ал жер-жерлердеги штабдарын бириктирип, координациялоону жолго коймокчу. Кыдырууну алар Баткен облусунан башташты.

Бакыт Төрөбаевдин маалымдоосуна караганда, алар Баткенден кийин Жалал-Абадка келип, андан соң Ош облусунда болушат.

Төрт саясатчы алдыдагы президенттик шайлоодо бир талапкерди сүрөөнү да макулдашкан. Бирок ал талапкер ким экени аныктала элек.

Азырынча алардын төртөө тең талапкер болуп катталууга аракеттенүүдө. “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев бейшемби күнү 72 миңден ашуун жарандын колун БШКага тапшырганы маалым болду.

Төрт саясатчы менен биринчилерден болуп Темир Сариев сүйлөшүүгө барды. “Ак шумкардын” талапкери төртөөнүн биригүүсүн кубаттап, бирок өзүнүн жаңы бирикмеге кошулуусу жөнүндө сөз кылууга эрте экенин билдирген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар