Бийлик Мадумаровдун рейтингинен чочуп, шайлоону жылдырууда…

Атамбаев бийликтен кетер алдында КСДПнын башында туруп, шайлоого алып барарын билдирген. Ал кур сөз эмес экени тастыкталып, КСДПнын курултайы декабрь айына белгиленип, андан кийин  которулган. Азыр эми курултай апрелде болот деп жатышат.

Бийлик сересинде жүргөн маалымдар адамдын айтымына караганда, Атамбаев Жогорку Кеңеште депутаттар Асылбек Жээнбековдун айланасында баш кошуп, президент Жээнбековду колдоп жиберүүсүнөн чочулап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүп жиберүүнү көздөп турат.  Парламентке өзүнө лоялдуу адамдарды, жандоочу партияларды гана алып келип, ал жерди толук көзөмөлдө кармоого умтулууда.

Бул үчүн тийиштүү даярдыктар көрүлүп жатат. Учурда Атамбаев депутаттарды бирден кабыл алып, “сени тизмеге кошом” деп алдап-соолап жатканы да жашыруун эмес.

Мына ушинтип мөөнөтүнөн мурда шайлоого камданып жаткан эрендер элдин пикирин билүү үчүн жашыруун сурамжылоо уюштура коюшат. Анда Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаров өз партиясы менен өтүп келүүсү толук кепилденген маалыматты алышат.

Сурамжылоонун мындай натыйжасын көргөн Атамбаев,  Асылбек Жээнбеков менен Адахан Мадумаровду тараза ташына коюп, Жээнбековго чыдап турууну артык көрөт.

Эмнеси болсо да бир партия, бир кемедебиз дегендей. Ал эми Адахан Мадумаров Жогорку Кеңешке келсе, ал жерде таптакыр башка картина пайда болуп,  парламентти каалагандай калчай албай калышат…

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар