Бийлик коркту…

Бийлик Бишкекте митинг, нааразылык акцияларын чектөө чечимин кабыл алды. Биринчи май райондук соту соттордун, БШКнын, Акүйдүн, өкмөт үйүнүн жана министрликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыю салды. Тыю 1-августан тарта күчүнө кирип, 20-октябрга чейин уланат.

Бул мезгилдин ичинде митингдерге тыю салуу арызы менен Биринчи май райондук акимчилиги райондук сотко кайрылган. Райондук сот албетте акимчиликтин арызын канааттандырган чечим чыгарды.

Борбордогу негизги административдик имараттар, мамлекеттик органдар Биринчи май районунда жайгашкан. Ошондуктан иш жүзүндө шаардын ортосунда массалык акцияларды өткөрүүгө чектөө киргизилүүдө.

Биринчи май райондук соттун чечими биринчиден, Конституциянын 34 беренесинин талаптарына каршы келет. 34 берене төмөнкүлөрдү кепилдейт:

34-берене.

  1. Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес.
  2. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу.

Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.

  1. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

Экинчиден, митингдерге чектөө киргизүү бийликтин чочулап, коркуп жатуусунан кабар берет.

Бийликтин коркуусунун себеби эмнеде? Ага түрткү берген акыркы кезде кандай жаңы жагдай жаралды?

Биринчиден, Бишкекте оппозициялык саясатчылар Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун үстүнөн сот жүрүп жатат. Аларга карата өкүм чыгуу жакындап калды. Соттук жараяндарда саясатчыларга коюлган доолор ойдон чыгарылган экени көбүрөөк айкындалып, эл ичинде куугунтукталган саясатчыларга жан тарткандар саны арбып баратат.

Муну сотко келип, нааразылыгын билдирип жаткан Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин көбөйүшү ырастап турат. Андан сырткары “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери саясий күрөштөгү эң татаал жана акыркы кадамдарга барып, төрт киши ачкачылык акциясын баштады. Алардын катары дагы толукталары кабарланды. 1-августка карай ачкачылык кармагандар бешке жеткенин “Ата Мекендин” активисттери социалдык баракчаларына жазышты.

Укук коргоочу Качкын Булатов бийлик нааразылык акциялары көбөйүшүнөн, алдыдагы шайлоодон чочулап, митинг өткөрүүгө чектөө киргизди деп эсептейт.

Мурунку бийликтер тушунда да Бишкектин борборунда митинг, пикеттерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген. Бирок нааразылык акциялар массалык түргө ээ болгондо ал тыюлар бороонго учкан камгактай жок болуп кетип жаткан.

Азыркы бийлик да мурункулардын жол менен басып, митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизүүдө.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар