Бел-Алма эпопеясында бурулуш болобу?

Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кени боюнча жаңжал бир нече жылдан бери уланып келатат. Жергиликтүү активисттер кендин “Беш-Арча” компаниясы тарабынан мыйзамсыз казылып, андан түшкөн акча коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп жатканын айтып, президент, парламент, прокуратура жана башка органдарга тынымсыз кайрылып келатат.

Органдан-органга тебилип келген арыз боюнча кылмыш иши 8-июнда козголгонун Баткен облустук прокурорунун орун басары А.Ормошов кабарлаган.

Ормошовдун маалымдоосу боюнча, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча финансылык полиция Кылмыш-жаза кодексинин 180 беренеси (мыйзамсыз ишкерлик) жана 221 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жарандык активист Сайткасым Эрмековдун 19-июндагы  айтымында, прокуратура активисттер жана айрым мамлекеттик  кызматкерлер топтогон материалдардын негизинде кылмыш ишин создуктуруп жүрүп козгоого аргасыз болгон.

Эрмеков далил катары бир нече жылдан бери топтолгон үч дискке жазылган видео жана башка документтерди  2015-жылы эле Баткен облустук финансы полициясынын кызматкери А. Нуркуловко тапшырышканын, бирок учурда ал фактылар кылмыш ишинде жоктугун мисал келтирген. Бул фактыларды жок кылуу боюнча кылмыш иши козголууга тийиш,- дейт Эрмеков.

Баткен облустук прокуратурасы “Беш-Арча” компаниясы тарабынан жер кыртышын бузуу, сот чеимдерин аткарбоо сыяктуу мыйзам бузууларга барганын карабай прокуратура көз жумдуга салып келгенин да жарандык активист белгилейт.

“Беш-Арча” компаниясынын “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” сапатка ээ болушунун артында коррупция, жергиликтүү бийлик, КСДПнын регионалдык көзүрлөрү менен ишкер Жалил Атамбаевдин байланышын атап келатышат.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар