“Бел-Алма” боюнча баары акталды

“Бел-Алма” көмүр кениндеги мыйзамсыз көмүр казуу боюнча бир нече жылдан бери жаңжал чыгып, кылмыш иши козголгон. Жума башында Кадамжай райондук соту бул иш боюнча чечим чыгарды. Анда “Бел-Алмада” көмүр казууда “Беш-Арча” компаниясы эч кандай мыйзам бузган эмес деп тапты.

Прокуратура болсо козголгон кылмыш иштин алкагында мыйзамсыз ишкерлик кылганы үчүн “Беш-Арча” компаниясынын директору Улан Мамытовду эки жылга эркинен ажыратууну, жер кыртышын бузган үчүн мамлекет пайдасына 765 миң сом өндүрүүнү, 80 миң сом айып пул төлөтүүнү соттон талап кылган эле.

Сот прокуратуранын талабын канааттандырган жок.

“Бел-Алма” көмүр кени Кадамжай районунда жайгашкан. Жергиликтүү тургундар кенди мыйзамсыз казуулар, коррупция жөнүндө бийлик башчыларына тынымсыз арызданып келатышат. Алар арыздарында бул ишке парламент жана өкмөт мүчөлөрү аралашкан деген ынанымдарын белгилеп келатышат.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар