Бекен Назаралиев: «Султан досум, “Кыргыз рухунун” негиздөөчүсү Атамбаев эмес, академик Эркебаев экенин унутпасак»

Султан палванга көптөн бери жолуга элекмин. Аны бир орунда табуу да кыйын. Бир ирет Акаевдин “Кыргызстанда Султан Раевди табууга караганда Акаевди табуу оңой”- деп тамашалап айтканы бар эле. Мен Кыргызстанда жүрсөм, Султан досум Чыкедей (Чыңгыз Айтматовдой) бирде Америкада, бирде Лондондо жүрсө, кайдан кезикмек элек. Лондондо жүрүп мени туулган күнүмдө куттуктаган бойдон байланышкан жокпуз. Султан Раевге бул чакан макаланы жазуумдун бир пайити чыгып калды. Жаңы чыккан жумалык гезиттердин баарын карап, окуп чыкмай адатым бар.

Жакында, “Де-Факто” газетасындагы № 46 (349) 1-декабрь, жума, 2017-жылдагы санында Султан Раевдин “Алмаз Шаршенович экөөбүз, “Кыргыз Руху” гезитинин негиздөөчүсүбүз” деген маегин окуп калдым. “Сократ менин досум, бирок чындык андан бийик” дегендей бул карандай калп! Алмаз Атамбаев ”Кыргыз руху” гезитинин негиздөөчүсү болгон эмес. Калганын далил менен айтып берейин. Башкаларды билбейм, “Кыргыз руху” гезитинин тарыхын Султан Раев кандай билсе, мен дагы ошончолук билем. Султан досумдун кээде “унутчактыгы” бар эмеспи. Балким, кыялданып жүрүп унутуп калгандыр. “Унутчаак” досума өткөн чагыбызды эстетип коюу максатында гана жазып жатам. Суке досума жаман оюм деле жок. Ал кезде Мелис Эшимкановдун аты эми гана чыгып, эл оозуна алына баштаган кез болчу. “Түндүктөн түшкөн редактор” аталган Эшимканов башкы редактор катары, ушунча жыл өмүр сүрүп келген комсомолдордун “Ленинчил Жаш” гезитин өзгөртүп, “Жаштык Жарчысы” деп атап, жаңыча дух менен чыгарып жаткан учур. Султан Раев башкы редактордун орун басары. Менин колго тарткан сүрөттөрүм Мелиске жагып, гезитке сүрөтчүлүк кызматка алмак болуп, “Арызыңды жазып кел, кызматка алам”- деп калды. Мен өзүмдүн кесибим боюнча А. С. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктагам. Эртеси арызымды жазып келип, Эшимкановго жолугайын деп күтүп турдум. Көрсө жыйын болуп жаткан экен. Султан Раев чогулуштан чыгып калды. Эшимкановго арыз жазып келгенимди айтып, ага киреримди айттым. Султан досум шашып, “Бекен жүр…”- деп мени өзүнүн кабинетине алып кирди да, “Бекен дос, арызыңды айрып сал! Жаңы гезит ачылганы жатат, мен ошол гезитке башкы редактор болуп барганы жатам. Сени да ошол жакка сүрөтчү кылып алып кетем…”- деп калды. “Жумушка киреримди айтып Мелиске сөз берип койдум эле, уят го”- дедим. Султан “Бекен, сен да өз мүнөзүң менен Меке менен иштеше албайсың! Сен эмес мен дагы иштеше албай койдум. Мен дагы бүгүн кетем… Жаңы гезит ачылып жатат, азырынча секрет, эч кимге айтпа! Сенден суранам…”- деп калды. Султандын “секретин” мен эч кимге айтпаганым менен редактор болорун баары эле билишет экен. Кийин кетээрде Мелис Эшимканов “Өзүң кетсең да Бекенди биздин редакцияга таштап кет. Мага керек…”-деп айтты. Ошентип, мен Султанды эрчип, узун-кыска болуп “Жаштык Жарчысынын” редакциясынан кеттик. Бара турган жаңы гезиттин аты-заты, отура турган орду да жок экен. Эртеси, Султан “министр менен жолугабыз” -деп министрликке алып барып калды. Министр көрбөгөн жаныбыз, бир сыйра апкарып, сүрдөп да алдык. Акаев жаңыдан президент болуп республиканы башкарып жаткан убагы. Жолуга турган министрибиз Абдыганы Эркебаев болуп чыкты. Анын кабинетинде жолуктук, ал кезде Абдыганы Эркебаевич деле жаш министр болуп турган убагы экен. Ал эми биз, мадыра баштар андан жашпыз. Тоону томкорчудай жаш, курч кезибиз. Менден башкалары буга чейин гезиттерде иштешип басманын ишине түшүнүгү бар экен.Көрсө, бүгүнкү күндөгү белгилүү коомдук саясый ишмер, Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы, академик, ошол кездеги министр Абдыганы Эркебаев менен алгачкы жолугушуум экен. Алгачкы жолугушууда эле өтө кичи пейил, маданияттуу, билимдүү жетекчи экени анын биз менен баарлашуу учурунда эле байкалып турду. Кыргыз республикасынын Басма сөз министрлигинин органы катары “Кыргыз руху” деген кулакка жагымдуу ат менен жаңы гезит чыга турганын министрдин өз оозунан уктук. Министр Абдыганы Эркебаевдин буйругу менен журналист Султан Раев гезиттин башкы редактору болуп дайындалды. Ошон үчүн Султан досум “Кыргыз рухунун” негиздөөчүсү Атамбаев эмес, академик Эркебаев экенин унутпасак” -деп айткым келип турат. Азыркы академик Абдыганы Эркебаевдин ак батасы менен гезиттин тушоосу кесилип, өз ишин баштады. Кыска убакыттын ичинде гезит элдин алкоосуна алынып, чыркыраган чындыкты жазган бирден-бир басма сөз каражатына айланып, ага окурман журту ишенди. “Рухта” иштеп жүрүп бардыгыбыздын атыбыз чыгып, элдин таразасынан өтүп аброй күттүк. Кеп чындыгы ушундай. Кийин өлкөбүздө ПУТЧ болуп, министрлик жоюлуп кетип гезиттин тагдыры өз колубузга өттү. Башка кызматка кетсе да Абдыганы Эркебаев өз баласындай болуп калган “Кыргыз руху” гезитинен кабар алып бизнесмендер, Кадамжай сурьма комбинатын башкарган М. Айбалаевге окшогон белдүү жетекчилер аркылуу гезитке материалдык жардам бердиртип турду. Султан досумду башкы редактор жетекчи катары, кийинки кызматтарга алгачкы таптаган саяпкери, ошондой эле биздин да журналисттик тушообузду кескен Абдыганы Эркебаев экени да чындык. Абдыганы Эркебаев табиятынан өтө таза инсан, мыкты жетекчи. Абдыганы Эркебаевдин ошол кездеги жардамчысы Адахан Мадумаров экөөнү көрүп туруп, чоң саясатта жүрүшүп бузулбаганына таң калам. Көрсө, пенде баласынын тазалыгы, ал – табият менен кошо келет тура. Экөөнүн тазалыгын Исхак Раззаковго салыштыргым келет. Өлкөбүздү Эркебаевдей таза инсандар башкарганда коррупция деген өзүнөн-өзү жок болмок. Бирок, өкүнүчтүү азыр олигархтардын, элдин казынасын уурдаган адамдардын заманы. Кээ бир журналист сөрөйлөр Абдыганы Эркебаевдин баскан изин, иштеген иштерин аңтарып-теңтеришип, илешкен эч нерсе таба албай коюшту. Ошондо да кытайдын клейи менен “коррупцияга” байланыштырып, жабыштыргысы келишет. Кыргыздын ар бир жетекчилери А. Эркебаевдей таза инсан болушса, алда качан эле оңолуп кетмекпиз. Ага сын айтып асылгандар жолдогу кандек иттей асылып ара жолдо кала беришет эмеспи. Колубузда “Кыргыз руху” гезитиндей куралыбыз болбосо Султан досум экөөбүз менен ким эсептешмек эле. Журналист, жазуучу Раевдин чиновниктик тагдырын ачкан да гезит болот. Төбөбүз асманга жетсе да ошол чындыкты унутпай жүрөлү. Эң кыйын учурда гезитти колдогон адамдар көп болду. Мисалга алсак Жалал-Абад областынын губернатору Бекмамат Осмонов, Ысык-Көлдүн губернатору Жумагул Сааданбеков, Чүйдүн губернатору Курманбек Бакиев да гезиттин бутуна турушуна чоң салымын кошкон. Кара-Балтадагы “Бакайдын” жетекчиси Ибрагимов Тургун жана башкаларды айта кеткенге болот. Анан биздин бактыбызга бир жаралган, ошол мезгилдин эң бай адамы болгон “Господин Сулайман акенин “миллиондорун” унутуп калсак туура болбойт. Сулайман Тургунов Султан досумдун жупуну жашоосун көрүп темир жол вокзалынын жанынан үч бөлмөлүү үй алып берди. Мындай колу ачык берешен адамды көргөн эмесмин. Сулайман акенин акчасы менен биздин гезит бутуна туруп кеткен. Аны таап берген Самат досубузга ушул кезге чейин ырахмат айтып келебиз. Ал кезде колунда бар бизнесмендер азыркы битиреген сараң байларга салыштырмалуу колдору ачык болушчу. Сулайман акенин акчасы менен Табылды Эгембердиев “Шоронун” алгачкы кадамдарын баштаган. “Союз-ТТ” фирмасынын башчысы Турдали акени, айдын аягында келип ай сайын айлыгыбызды берип турган Камыт Бечеловду кантип унуталы? Андан бери арадан көп жылдар өтүп кетиптир, баарын эстей албай калат экенсиң. Баса, генерал Жаныбек Бакиевдин гезитке берген жардамын да айта кеткеним оң го. Ооматтуу гезит болду. Кийин Аскар Акаев да Султан досума үч бөлмөлүү үй берди. Абдыганы Эркебаев ак дилден ачып берген “Кыргыз руху” гезити биз үчүн ак жолтой гезит болду. Мен дагы бир бөлмөлүү үй алганмын. Ал эми беш жыл иштеген соң “Кыргыз руху” гезитинен бөлүнүп гезит ачып өзүнчө түтүн булатып кеттим. Көп жылдардан кийин гана бутуна туруп калган “Кыргыз руху” гезитине Алмаз Атамбаев он миң доллар акча берип учредитель болуп киргенин уктум. Атамбаев гезиттин башкы редакторлугуна Кубат Оторбаевди алып келди. Бирок ал биздей болуп гезиттин ысык, суугуна туруштук бере албай он миң доллар түгөнгөндө “эмне болсоңор ошол болгула!” дегендей жамаатты таштап кетип калганы бар. Султан досум, бүгүнкү күндө элибизге башы көрүнгөн чоң талант. Кыргыздын көзгө басар драматургу, жазуучусу экени талашсыз. Султан Раев гезитке берген маегинде кээ бир унутуп калган жерлерин окурмандарга эскертип коёюн деген элем. Мен билген чындык ушул окурманым.

Бекен Назаралиев, Кыргыз Республикасынын маданиятынва эмгек сиңирген ишмер

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар