Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты

Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов берген арызына байланыштуу кызматынан бошотулду. Анын ордуна Бөкөнбай Казаков биринчи орун басар болуп дайындалды. Буга чейин Казаков башкы прокурордун орун басары, ага чейин УКМКанын алдындагы Антикоррупциялык кызматты жетектеп келген эле.

Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан бошотулган Кылычбек Токтогулов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабында кызмат кылыш мумкүн. Анткени Жээнбеков сыяктуу эле Кылычбек мырза Кара-Кулжа районунда туулган.

Бөкөнбай Казаковдун ордуна, башкеы прокурордун орун басары болуп Нурлан Дүйшембиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты аркылуу маалымдалды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар