Башкы прокуратура: “Сентябрь” каналы туура жабылды

Башкы прокуратура “Сентябрь” телеканалынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча 23-августа билдирүү таратты. Анда Башкы прокуратуранын арызынын негизинде Биринчи май райондук соту “Сентябрь” телеканалын туура жапты деп белгиленген. Сот “Сентябрдын” эфиринде өткөн жылы сентябрь айында чыккан А.Капаровдун интервьюсун экстремисттик деп таап, ошонун негизинде телеканалды жабуу чечимин 22-августа чыгарган.

“Сентябрь” телеканалынын өкүлдөрү Капаровдун маеги Жалал-Абаддагы “Сентябрь” телеканалынан чыкканын, Бишкектеги “Сентябрь” башка телеканал экенин билдирип жатышат.

Бирок Башкы прокуратура Жалал-Абаддагы “Сентябрдын” лицензиясын Бишкектеги “Сентябрь” телеканалы колдонуп келатканын жана алардын уюштуруучусу бир эле компания деп маалымдады.

“Сентябрь” телеканалы Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди.

“Сентябрь” телеканалы 8 жылга кесилген оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевге жакын канал. Бийлик саясатчынын өзүн камап, телеканалды эфирден ажыратууну чечкендей…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар