Баш алмак да бар, тил кесмек да бар…

Бийлик каршыларын оп жуткан ажыдаарга айланды. Айыгышкан саясий атаандаштар жалган жалаалар менен абакка салынды. Дагы да салына тургандары сотто жүрөт.

Президент Алмазбек Атамбаев менен үзөңгүлөш болуп келип, соңку жылдары катуу тирешкен Өмүрбек Текебаев 8 жылга кесилди. Ошентип, белгилүү саясатчы, оппозиция лидеринин оозу жабылып, колуна кишен салынды.

Бийликтин өкүм зордугу менен муну менен бүтүп калган жок. 22-августа “Сентябрь” телеканалын Биринчи май райондук соту жапканы маалым болду. Бул телеканал Өмүрбек Текебаевге жакындыгы жана оппозициялык маанайдагы көз караш, сындарды  тартынбай айтып келгендиги үчүн жабылды.

Конституция кепилдеген сөз эркиндиги да, адам укугу да тебеленди.

Бийликке каршы чыккандарга мына ушундай катуу чаралар көрүлүп, анча-мынча “суу жүрөк” саясатчылар  биротоло чөгүп, деми таманына түшүп кетти.

Бийликтин каалагандай калчоосуна чексиз мүмкүнчүлүк жаралды. Калк кайда тартарын билбей, соңунда баарына кол шилтеп, кайдыгерликке түшүп кетти.

Шектүү жагдай, күмөндүү статьялар менен Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Садыр Жапаров биринчи этапта абакка салынса, андан кийин Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана башкалар  көп жылдарга кесилди. Үчүнчү серпимде Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов темир торго түштү.

Канат Исаевге тиш салынып, сотто тагдыры кандай чечилерин күтүп жүрөт.

Журналисттер соттолуп, сайттар, телеканалдар жабылып жатат. “Заноза” жабылып, журналисттери жана сайттын өзү ондогон миллион сомдук айыпка жыгылды. Эми “Сентябрь” телеканалы бир серпим менен алеки саатта жабылып, эфирге чыгуу укугунан ажырады.

Бул тизмектелген иштердин баары соттордун куурчакка айлануусунун кесепетинен болуп отурат. Куурчак соттордун өкүм зордугунан күйүп-күйүп кеткен Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева айласы кетип, заманасы куурулуп отурат…

Бийлик ошентип шайлоого баратат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар