Бакыт Төрөбаевдин документтери БШКага келип түштү

 

Бул тууралуу бейшемби күнү БШК кабарлады. “Өнүгүү” партиясы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин 27-июндагы курултайында көрсөткөн эле. Партия курултайында кабыл алынган чечимдер жана тийиштүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына 29-июнда келип түшкөнү маалымдалды.

Партия курултайында Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо акыр аягына чейин күрөшөрүн билдирген.

«Өнүгүү» партиясынын Жогорку Кеңеште фракциясы бар. Партия ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ийгиликтерге жетишип келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар