Байкоочулар каттала баштады, бирок талапкерлер ишеничи кетүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган эл аралык байкоочулар каттала баштаганын 15-августа кабарлады. Маалыматка караганда,  Казакстан, Литванын Борбордук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Марат Сарсембаев жана Лаура Матйошайтите, Аисте Жилинскьене, Хельсинки комитетинин мүчөлөрү Дале Ивар, Фоссум Мариус, Валентина Казачевская БШКада эл аралык байкоочу катары катталды.

Бирок президенттикке талапкерлер арасында президенттик шайлоонун акыйкат жана адилет өтөрүнө шектенүүлөр көбөйүүдө. Адахан Мадумаров, Темир Сариев жана башка талапкерлер шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканын, акыйкат жана таза шайлоо өтүшү шектер көбөйүп жатканын билдирүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар