Бабановго “темирдей беренелер кызытылды”…

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 568 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен экинчи орунду ээлеген Өмүрбек Бабановго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун  4-ноябрда кабарлады.

Башкы прокуратура Бабанов үгүт өнөктүгү учурунда,  28-сентябрда Ош шаарынын Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзүндө улут аралык кастыкты козгогон (299 берене) жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө ачык чакырык жасаган (297 берене) деп айып коюп жатат.

Он-Адырда көпчүлүгүн өзбектер түзгөн шайлоочулар алдында сүйлөгөн сөзүндө Бабанов “Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Баарыңар бирге болсоңор, бирөөнү уруп атса баарыңар чыксаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди сел дейт. Эл сел болуп агызып кетет. Баардык өзбек калкына чалгыла, бир туугандарыңарга чалгыла. Кайсы бир милиция өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет. Мен ага сөз берем. Сөз берем” деген эле.

Ага чейин Өмүрбек Бабановдун 20-сентябрда Алматы шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу президент Атамбаевдин жаалын келтирген эле.

Атамбаев 7-октябрда Өмүрбек Бабановго болуп көрбөгөндөй каарын төккөн эле: “Талапкерлердин бири алты жылдын ичинде коррупцияга каршы күрөштө эч нерсе жасалбады дегенде, ага туура жооп беришти, коррупцияга каршы күрөштү дал ушул сенден башташ керек деп. Эгерде мен буга чейин жумшактык кылып келсем, эми мындайларды кызытылган темир менен күйгүзүш керек. Алардын орду түрмөдө. Бирок мунун баары шайлоодон кийин болот. Эгерде сиздер акча алсаңыздар, урматтуу жарандар, ал уурдалган акчалар экенин билиңиздер. Кыргыз жана казак калкынан уурдалган акчалар. Кандай керек болсо ошондой добуш бериңиздер, өлкө үчүн добуш бериңиздер. Эгерде кимдир-бирөөлөр чөгөлөп жашаган болсо, анда ал апрель ыңкылабына чейин болгон. Бизде бир  да жараныбыз чөгөлөп жашабайт.  Биздин өлкөдө эмес, мүмкүн (шайлоого) акча келип жаткан өлкөдө адамдар чөгөлөп жашап жаткандыр. Бизде мамлекеттин кирешелери биздин өлкөбүз үчүн жумшалып жатат. Үй-бүлөсү жана кландары менен бөлүнүп жаткан миллиарддар жана ИДПнын көлөмү менен мактанбаш керек, канча жол, канча мектеп курулганы менен сыймыктаныш керек”.

Атамбаев сөзүндө “түрмө жана кызытылган темирди шайлоодон кийин болот” деп убада кылган эле. Шайлоо өттү. Эми убадалар аткарыла баштады. Башкы прокуратура Бабановго кылмыш ишин козгоду.

Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин эле  “эс алуу максатында” Кыргызстандан чыгып кеткен. Эми анын кайрылып келер-келбеси белгисиз.

Бабанов декларациясында эч кандай бизнеси, байлыгы жок  болуп көрсөтүлгөн. Анын бүт байлыгы, бизнеси туугандары, аялына жазылганы маалым. Ошондуктан Бабановдун бизнеси эми талоонго түшөт деп айтыш кыйын.

Албетте, ал байлыкка бийлик абдан тыкыр көз салат. Анткени алар Бабанов байлыгын  бийликке каршы акцияларга колдонушуна жол бербөөнү көздөйт.

Өмүрбек Бабанов ачык саясий күрөшкө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Акыркы күндөрү  Таласта болуп жаткан калктын нааразылык акцияларына моралдык колдоо да көрсөтүүгө даабады…

Бабановго кылмыш ишинин козголушу президент Атамбаев жана анын саясатына оппозицияда болом деген же аны сындаган саясатчылардын куугунтукталып, камалышынын бешинчи эпкини болуп калды.

Биринчи эпкинде К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов камалса, экинчиде К. Кадыров, Б. Асанов абакка түштү. Алар удаалаш Б.Талгарбеков, М.Султанов, Койлубаевдер камалды. Төртүнчү эпкинде Ө.Текебаев, Д. Чотонов жана С.Жапаров кесилди.

Эми Канатбек Исаев, Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш иши козголуп олтурат…

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар