Бабановдун ва-банкы…

Президенттик шайлоого 15 күн калганда кырдаал курчуп, эки топко бөлүнгөн саясий күчтөр ачык тирешүүгө багыт алды. Кырдаалдын курчуусу 28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Ошто Он-Адыр кичи районунда өзбек улутундагы адамдар алдында “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн артык” деген сөзү менен байкалды.

30-сентябрда болсо Бишкекте жарандык активисттер жүрүшкө чыгып, бийликтен таза жана адилет шайлоону, административдик ресурсту колдонууну токтотууну талап кылды.

Бул күнү ошондой эле Бабанов таянган таасирлүү саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кармалды. Ага өтө оор айыптар коюлуп жатат. Андай айыптар менен Бектур Асанов, Кубан Кадыровдор көп жылдарга кесилген. Канат Исаевге кылмышка даярданган, мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасаган, массалык баш-аламандык уюштурууну көздөгөн деген айыптар коюлду. 30-сентябрда Канат Исаевдин акча таратып жатканы тартылган видео тасма, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн төңкөрүш боюнча сүйлөшүүлөрү жазылган аудио үндөр интернетке коюлду.

Мына ушулардын баары кырдаал курчуп баратканын, бийлик бийлигин толугу менен колдонууга өткөнүн айгинелейт.

Күрөштүн абдан курч мүнөзгө өтө баштаганын жогоруда айтылгандай 28-сентябрда Бабановдун Оштогу жолугушууда айткан сөздөрү айгинеледи.

Анда Бабановдун “тике туруп өлгөн артык” деген сөзү Он-Адырдагы карапайым калкка эле эмес, анын өзүнө да айтылган сөз болуп чыкты. Ушул кезге чейин “президент Атамбаев туруктуулукту сактады” деп мактап, каш көтөрбөй келген Бабанов  Атамбаев жана анын командасына каршы тикесинен тик туруп күрөшүүгө чыкканын ачыктады.

Мына ошол эле Он-Адырда Бабанов Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевду мактап, кыргыз-өзбек чек ара келишими жалаң Мирзиеевдун эмгеги деп даңазалады…

“Мына өзүңүздөр көрдүңүздөр, Өзбекстандын жетекчиси, урматтуу Мирзиеев келип кетти. Ал киши айтып атат “келгиле, өзбек-кыргыз бир тууган. Эки элдин жашоосун жеңилдетели” деп. Ал киши чечти чек ара маселесин, башка эч ким чечкен жок. Дал ушул Өзбекстандын президенти Мирзиеев  чечти чек ара маселесин!” деген Өмүрбек Бабанов.

Ал бул сөзү менен чек ара маселесин чечүүдө президент Алмазбек Атамбаевдин ролун тап-такыр жокко чыгарып, баарын жалгыз Мирзиеев чечти деген. (Мирзиеев өзү чек ара маселеси эки өлкөнүн президентинин эрки менен чечилди деген эле.)

Бабанов мырза добуш алуу “азартына” киргенде өз мамлекетинин ролун да такыр жокко чыгарып салды…Анткени чек ара маселеси бир тараптуу эмес, эки тараптуу чечилет. Албетте, Мирзиеевдун бул маселени чечүүдө ролу эбегейсиз. Бирок ал Кыргызстан мамлекетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен чечилди.

Өмүрбек Бабанов чек ара маселесин чечүүдө Атамбаевдин ролун такыр жокко чыгаруу менен президент менен ачык тирешүүгө, аны менен чабышууга бет алганын дагы бир жолу айгинеледи.

Албетте, Атамбаев тарабынан буга жооп сокку болот. Ал сокку абдан эле катуу болушу мүмкүн…  Канат Исаевдин кармалышын мына ошол соккунун биринчиси катары кароого болот.

Айрым маалыматтарга караганда, добуш берүүгө саналуу күндөр калганда Атамбаев регоиндорду кыдырууга чыгып, мына ошондо Бабанов жөнүндө бардык билгенин айтууну көздөөдө…

Бабановдун ва-банкы канчага созуларын, ал эмнеге бара аларын айтуу кыйын. Азыркы кезде Канат Исаев кармалды. Бакыт Төрөбаев деген негизги өнөгү аны менен кошо жүрбөй калды. Көрүнбөйт.

“Бабанов президент. Төрөбаев премьер-министр” деген жарнамалар “Алдыга жол” деген ураан менен алмаштырыла баштады. Ал Бабанов-Төрөбаев тандеми шайлоого жетпей бузулат деген сөздөрдү ырастай баштады..

Бирок Өмүрбек Бабановдун күчтүү колдоочусу бар. Ал Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев. Назарбаев өзбек президентине, ал эмес Путинге да кадырын салып, аларды Бабановду колдоого көндүрүүгө аракеттенип жатканы айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин “олигархтар жана башка өлкөлөрдүн президенттеринин артынан ээрчибегиле” деп БУУнун трибунасынан айтканы, ага чейин Сочиге Владимир Путинге шашыла барышы мына ошол Назарбаевдин аракетин токтотууга багытталганы байкалат…

 

 

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар