Бабановду коркутуп качыруу амалы…

Азыркы президент Алмазбек Атамбаев, ал президенттикке даярдап жаткан Сооронбай Жээнбеков да Өмүрбек Бабановду түздөн-түз коркутууга өтүштү.

Эки күн мурун теледебатта Жээнбеков атаандашы Бабановго сөөмөйүн кезеп,  “коррупцияга каршы күрөштү сенден баштаймын. Коопсуз шаар долбоорунун алкагында курал саткансың” деп коркутту.

7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго каарын төктү:

“Талапкерлердин бири алты жылдын ичинде коррупцияга каршы күрөштө эч нерсе жасалбады дегенде, ага туура жооп беришти, коррупцияга каршы күрөштү дал ушул сенден башташ керек деп. Эгерде мен буга чейин жумшактык кылып келсем, эми мындайларды кызыл темир күйгүзүш керек. Алардын орду түрмөдө. Бирок мунун баары шайлоодон кийин болот. Эгерде сиздер акча алсаңыздар, урматтуу жарандар, ал уурдалган акчалар экенин билиңиздер. Кыргыз жана казак калкынан уурдалган акчалар. Кандай керек болсо ошондой добуш бериңиздер, өлкө үчүн добуш бериңиздер. Эгерде кимдир-бирөөлөр чөгөлөп жашаган болсо, анда ал апрель ыңкылабына чейин болгон. Бизде бир  да жараныбыз чөгөлөп жашабайт.  Биздин олкөдө эмес, мүмкүн (шайлоого) акча келип жаткан өлкөдө адамдар чөгөлөп жашап жаткандыр. Бизде мамлекеттин кирешелери биздин өлкөбүз үчүн жумшалып жатат. Үй-бүлөсү жана кландары менен бөлүнүп жаткан миллиарддар жана ИДПнын көлөмү менен мактанбаш керек, канча жол, канча мектеп курулганы менен сыймыктаныш керек”.

Атамбаевдин бул сөзү Бабановго жана  Алматы шаарында аны кабыл алып, колдоо көрсөткөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге багытталды.

Атамбаев жана анын командасы Бабановдун бийликке келүүсүнөн “өлгүдөй” коркуп жатат.

Алар үчүн Бабанов маселесин чечүүнүн эң жакшы жолу, аны коркутуп, качыруу болуп турат.

Эгерде Бабанов мына ушундай коркутуулардан чын эле солк этип, өлкөдөн чыга качса, анда бийликтин күнү тууйт. Сокени өткөрүүдө эч кандай чымыркануунун кереги жок болот.

Бабанов жеңип кетсе эмне болот? Сокенин жеңишин жарыялагандан кийин калк көтөрүлүп кетсе эмне болот? -деген убайым суроолор өзүнөн-өзү жок болот.

Анткени Бабанов качса талапкери качан күйөрмандары да, лидери качкан тарапкерлери да ындыны өчүп, шаабайы сууйт, сынат…

Ал эми бийлик “өлгүдөй” коркуп жаткан Бабанов бийликке келсе эмне болот деген суроого келсек, андай келечек  бийлик башчылар үчүн абдан эле коркунучтуу.

Бабанов келсе анда Текебаев, Жапаров жана саясий себептер менен абакка түшкөндөр боштондукка чыгып, алардын ордуна булар барып калышы ыктымал.

Айрым сөздөргө караганда, Өмүрбек Бабанов бийликке келсем ,  Атамбаевдин артынан өзүм түшпөйм, аны Текебаевдин колуна салып берем деп жүрөт…

Мына ушундай келечек  Атамбаев, Жээнбеков жана Сапар Исаковду түн уйкусун бузуп, айласын кетирүүдө…

There are 12 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар