Бабановдо кеги барлар тизилгиле…№1 Воробьев, Хон…

27-сентябрда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы атактуу ишкер  Борис Воробьев маалымат жыйынын өткөрүп, Бишкектеги автоунаа базарын кайтарып берүүнү Өмүрбек Бабановдон талап кылды. Воробьев азыр “Риом Авто” деп аталган автоунаа базары жайгашкан жер ага таандык экенин далилдеген документтерди калыбына келтиргенин билдирип, бир жуманын ичинде Бабанов базарды кайтарып бербесе, сотко кайрыларын белгилеген.

Автоунаа базарын адегенде Воробьев ачып, андан кийин ал маркум Сурабалдиевге, анын кызы Элвира Сурабалдиевага таандык болуп, алардан Бабанов өткөн.

Эми Воробьев кырдаалдан пайдаланып, же аны кызыккан тарап пайдаланып, Бабановду коркутууга,  президенттик шайлоодо алсыратууга, соңунда оюндан чыгарууга аракеттенүүдө.

Апрель ыңкылабынан кийин дагы бир ишкер Валерий Хон Бабановду сотко берүүгө аракет жасап, бирок аябай сабалып Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон эле. Бийлик менен жанаша турган Бабановго доо коюу ал кезде өмүргө коркунучтуу болчу…

Валерий Хон Аксуудагы мунай базасын Бабанов рейдерлик менен басып алды деп, арманын айтып жүргөн. Өмүрбек Текебаев “ат жаңжалы” менен Бабановду премьер-министрликтен кулатууга киришкенде Хондун арыз-муңун бир-эки көтөргөн жай бар. Бирок маселе андан ары жылган эмес.

Анткени Атамбаевге анда Бабанов керек болчу же коркунучтуу эмес эле…

Эми кырдаал өзгөрүп, Бабанов коркунучтуу атаандашка айланып калды. Ошондуктан Воробьевден кийин Валерий Хон, Шарипа Садыбакасова жана башкалар Бабановго каршы доо арыз менен кайрылышы ыктымал…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар