Бабанов-Сариев “согушу” күч алды…

Өлкөнүн түндүк регионунда электорат талашкан президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда каршылашуу күч алды. Бабановдун тарапкерлери “Канат Исаевдин кармалышына чагым жасагандар, тартип коргоо органдары менен кызматташкандар Сариевдин адамдары” деп күнөөлөп жатат.

Социалдык түйүндөгү эки тараптын тарапкерлеринин согушуна Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Чолпон Жакупова да үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына минтип жазды: “Кандидаттардын сөзүнө эмес, реалдуу жасаган ишине карап тандоо керек. Жаңы конституция талкууланып жатканда Бабанов аны колдоп, добушун берген, Сариев каршы болгон. Текебаевдин иши сотто каралып жатканда Сариев өзүнүн позициясын так айткан, Бабанов үнсүз калган. Маалымат каражаттарын кысымга алуу талкууланып жатканда да Сариев өзүнүгн позициясын билдирген, Бабанов дагы үнсүз калган. Эми болсо кээ бир талапкерлер (Бабанов) оппозиционердин тонун жамынууга аракеттенүүдө”.

Чолпон Жакупова Темир Сариев менен бирге “Ак шумкар” партиясын түптөгөн.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар