Бабанов мүдүрүлдү, Сариев чыйралды…

28-сентябрда Оштогу Он-Адыр кичи районунда Өмүрбек Бабанов жаңылды. Ал жерде жашаган өзбек улутундагы жарандар алында сүйлөгөн Бабанов “Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Баарыңар бирге болсоңор, бирөөнү уруп атса баарыңар чыксаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди сел дейт. Эл сел болуп агызып кетет. Баардык өзбек калкына чалгыла, бир туугандарыңарга чалгыла. Кайсы бир милиция өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет. Мен ага сөз берем. Сөз берем” деген.

Бабановдун сөзү көпчүлүгү өзбектер болгон жерде сүйлөнүп жаткандан кийин, алар кимдин алдында чөгөлөп жашап жатыптыр, деген суроо туулат.

Андан кийин “чөгөлөп жашабайбыз деп көтөрүлүп, андан көрө өлгөнүбүз артык деп” ким менен, кайсы тарап менен күрөшөт  деген  суроо келет.

“Баарыңар бирге чыккыла, бардык өзбектерге чалгыла” деген сөз кичинекей келишпестикти, чатакты да улут аралык жаңжалга айлантуу потенциалы менен коркунучтуу.

Нормалдуу бийлик адамы, ал эми президент болом, мамлекет башчысы болом деген адам биринчи кезекте “милицияга кайрылгыла, сотко кайрылгыла, мамлекеттик органдарга кайрылгыла, мыйзамдуу жол менен адилеттүүлүккө жетишкиле” деш керек го!

Бабанов тескерисинче милицияны өзбектердин душманы кылып көрсөтүүдө. Эгерде Он-Адырда кылмышкерди же террорго шектүүнү кармоо операциясы жүрүп калса, анда кандай болот?

Эгерде Бабановдун чакырыгында айтылгандай эл чогулуп, бүт өзбек калкына, туугандарына телефон чалып каршылык көрсөтсө эмне болот?

Өмүрбек Бабанов ютуб жана вотсап аркылуу таратылган видеолорду монтаждалган деп, Он-Адырда сүйлөгөн сөзүн жарыялады. Бабановдун толук сөзү картинаны башкачараак берген менен, бирок устаранын мизиндеги  сөздөрү кала берген…

Бабановдун бул жаңылуусун бийлик абдан ыңгайлуу пайдаланды. Дегеле, бийлик Бабановдун изине түшүп, “осурганына” чейин жазып калганы байкалат. Өмүрбек Бабановдун Талас облусундагы айылдык кеңештин төрагасы менен орой түрдө (сөгүнгөн) сүйлөшүүсүн атайын кызматтар мыйзамсыз жаздырып алып, аны таратып атышы мына ошонун далили.

Нормалдуу мамлекетте андай мыйзамсыз жазуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүш керек. Анткени бул Конституция кепилдеген адам укуктарын одонго түрдө бузуу.

Бабановдун жаңылуусуна келе турган болсок, андан Темир Сариев чыйралганы байкалды. Ал Бабанов мүдүрүлгөндөн бир күндөн кийин, 29-сентябрда билдирүү жасап, президенттик шайлоодо аягына чейин барарын, кайсы бир талапкердин пайдасына талапкерлигин алып салбасын жарыялады.

Демек, Темир Сариев Бабановдон электорат жүзүн үйрүсө, анда аны илип кетүүгө шарт түзүлгөнүн жазбай баамдап, акыр аягына чейин күрөшөрүн жарыялай калды.

25-сентябрда Сариевдин штаб башчысы Элмира Ибраимова саясий келишпестиктерге байланыштуу штаб башчылыктан кеткенин жарыялаган. Анын менен кошо бир нече саясатчы кошо кеткен. Дал ошол штаб башчы кеткен  мезгилде Темир мырзанын бийлик менен сүйлөшүп, Бишкек шаарынын мэрин сураганы, талапкерлигин Жээнбековдун пайдасына алары тууралуу маалыматтар чыгып, сөздөр тынымсыз жүрүп жаткан эле. Анда Темир Сариев ал сөздөрдү четке каккан эмес эле.

Эми болсо кыябы келгенин байкап, марага чейин чабам деп турат…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар