Бабанов мандаттан баш тартты…

Өмүрбек Бабанов депутаттык мандаттан баш тартып, тийиштүү арызды Борбордук шайлоо комиссиясына жолдогону 16-январда  маалым болду. Бирок БШК Бабановдун каты нотариалдык жактан ырасталган эмес деп, арызды кароодон баш тартып турат.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Үүгүт өнөктүгү учурунда Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу Атамбаевдин ачуусун катуу келтирип, ал “кызытылган темир басам” деп ызырынган эле.

Жээнбеков болсо шайлоодон кийин коррупцияга каршы күрөштү сенден баштаймын деп, өнөктөшүн түз эфирдеги дебатта омуроологон.

Бабанов үгүт өнөктүгү учурунда Ошто өзбек тектүүлөр алдында “чөгөлөп жашаганча,тике туруп өлгөн жакшы. Чогулуп каршылык көрсөткүлө” деп сүйлөгөн. Ал сөздөр улут аралык кастыкты козгойт деп, Башкы прокуратура кылмыш иши козгогон.

Мына ушундай коркутуулардан кийин Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыга качты. Андан кийин саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган эле. Эми депутаттык мандаттан баш тартып олтурат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар