Бабанов “кемесинде бунт”

Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү. Ал катуу чарчаткан шайлоодон кийин эс алары айтылган. Бирок калк ичинде “Бабанов качып кетти” деген аңыз кептер  бар. Бирок “Республика” партиясынын активисттери аны четке кагышууда.

Өмүрбек Бабановдун өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүсүнө азыркы президент Атамбаевдин да, шайланган президент Жээнбековдун да ага кастарын тигип, ызырынышы таасир этиши ыктымал. Белгилүү болгондой Атамбаев “кызытылган темир басам” деп ызырынса, Жээнбеков “коррупцияга каршы күрөштү сенден баштаймын балапан” деп омуроологон.

Бабанов качпай эле, эс алып жүрөт дегендерге ишене турган болсок, анда ал жакында келип калыш керек. Бирок анын жоктугу учурунда “Республика-Ата Журт” фракциясынын ичи тынч болбой жатат.

“Республика” партиясынын активисттеринин 1-ноябрдагы кабарлоосуна караганда, фракция мүчөлөрү Алиярбек Абжалиев, Курманбек Зулушев, Зарылбек Рысалиев, Динара Исаева, Улан Чолпонбаев жана дагы эки-үч депутат Өмүрбек Бабановго каршы “бунт” чыгарып, аны фракция лидерлигинен алып түшүүнү көздөөдө. Буларга чейин бийлик “токочуна” алданып, Нургазы Нишанов деген депутат бийлик тарапка өтүп кеткен. Ага майлуу-сүттүү кызмат берилип, анын ордуна Бабанов менен катуу таарынышып жүргөн Зарылбек Рысалиевдин парламентке келишине жол ачылган. Рысалиев президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп жүрдү.

“Республика-Ата-Журт” фракциясында 27 депутат бар. Ошондуктан булардын Бабановду кулатууга кудурети азырынча жетишсиз. Бирок Бабановго каршы басым күчөп, ал өзү пассивдүү бойдон кала бере турган болсо, анда “РАЖды” талкалоо боюнча тескери тенденциялар күчөйт.

Сооронбай Жээнбековду колдоп саясий аренада таасирин калыбына келтирүүгө умтулуп жаткан Камчыбек Ташиев да ага кызыкдар болбой койбойт.

Парламенттик шайлоо учурунда Ташиев куугунтук жеп, четке сүрүлгөндө Бабанов ооз ачууга жараган эмес. Бул Камчы мырзаны катуу таарынткан. Андан сырткары Камчыбек Ташиевдин квотасы менен  “РАЖдын” алдыңкы тизмесине кирип, депутат болгон айрым инсандар Ташиевге аркасын салып кеткен. Эми алардын кайрадан  “жалдырап” келиши да Ташиевге “жагымдуу” нерсе.

“Өнүгүү” фракциясында да фракция лидери Бакыт Төрөбаевге каршы кутум уюштурулуп, ал туруштук берип чыкты. Тескерисинче лидерге каршы чыккан үч депутат: Камчыбек Жолдошбаев, Тазабек Икрамов жана Алмаз Жутанов фракциядан чыгарылды.

“РАЖдагы” “бунтту” да мына ушундай тагдыр күтүп турат дегенге азырынча болот. Бирок бийлик Бабанов жана анын саясий инфраструктурасын  толук талкалоону чечсе, анда фракциянын келечеги кандай болорун айтуу кыйын.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар