Бабанов эми “плагиат” боюнча айыпталабы?

Өмүрбек Бабанов 1-июлда “Элдик курултай” чакырып, курултай анын президенттикке талапкерлигин колдоп берди.

Бирок “Элдик курултай” институтун бийлик системасына киргизүүнү демилгелеп жүргөн Кадыр Кошалиев “Элдик курултай” терминин Бабанов пайдаланышын сынга алып, алар менен бир ооз макулдашып койбогонуна нааразылыгын билдирди.

“Ата журт” партиясы болсо Бабановдун талапкерлигин “Республика-Ата журт” партиясынын саясий кеңеши колдоду деген чечимди калпычылык деп атап, “Республика-Ата журттун” теңтөрагасы Камчыбек Ташиев менен андай чечим макулдашылбаганын “Ата журттун” маалымат катчысы Нургазы Анаркулов билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Бабанов мына ушундай жаңжал чыгарын алдын-ала билип, “Республика-Ата журт” партиясынын атынан эмес өзүн-өзү көрсөтүүгө барды.

Мына ушул эки жаңжалга удаалаш Бабановго байланыштуу дагы бир жаңы  жаңжал тутанууда. Ал Бабановдун курултайда Дубай эмиринин сөзүн сөзмө-сөз кайталап айтышында же плагиатчылыкка барышына байланыштуу болуп жатат.  Өмүрбек Бабанов курултайда мындай деп сүйлөгөн:

Я хочу, чтобы мой народ жил лучше, чем сейчас. Чтобы молодежь училась в лучших школах и университетах. Чтобы это было ЗДЕСЬ! СЕЙЧАС! А не через 20 лет».

Ушул эле сөздү Дубай эмири айтканы аныкталып олтурат:

Бардык талапкерлер ичинен эң тыйындуу деп эсептелген, добуштарды сатып алып коет деп атаандаштары коркуп жаткан Өмүрбек Бабанов мындай алешемдиктерге кабыла берсе “ашкере айлакерлигинин” азабын тартып калбайт бекен?…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар