Б.Төрөбаев: Төрттүк С.Жээнбеков менен жолугушууну четке какпайт

Мындай пикирин Бакыт Төрөбаев “Кактус.медиа” сайтына берген интервьюсунда билдирген. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ал жеке өзү Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Ага чейин бириккен төрт саясатчы Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев Темир Сариев менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөргөн эле. Биригишкенин жарыялаган бул төрт саясатчы  Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында тарапкерлери менен жолугушуп келди.Ал жолугушууларда төрттүк өзүнүн стратегия жана тактикасына жараша бирдиктүү талапкерди убагы келгенде айтаарын, ал маселе макулдашылганын билдиришкен.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, алар катарын калыңдатуу үчүн башка саясатчылар менен жолугушуу, сүйлөшүүлөргө даяр. Анын ичинде бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу мүмкүндүгүн Төрөбаев белгилеген.

Бирдиктүү жаңы партия президенттик шайлоодон кийин боло турган парламенттик шайлоого даярдык экенин Бакыт Төрөбаев кошумчалаган.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар