Б.Төрөбаев “Кайра жаралуу” кантип жаралбай калганын айтты

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев менен биригүүсү ишке ашпай калганын расмий билдирди. Анда 6-августа кол коюлган келишимге ылайык “Ата журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерлери “Өнүгүү” партиясынын талапкери Бакыт Төрөбаевдин президенттикте колдоого тийиш болгону айтылат. Келишимдин негизги шарттарынын бири аткарылбагандыктан жалпы келишим күчүн жоготот,- деп белгилеген Төрөбаев.

А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев жана Б.Төрөбаев бир партияга биригип, президенттик шайлоодо бир талапкерди колдоону макулдашкан. Келишимге төрт лидер 6-августа кол койгон. Андан кийин региондорду кыдырууга чыгышкан.

Бирок андан кийин Төрөбаевдин өкмөт башчыны шайлоодо  Сапар Исаковду колдоп добуш берүүсү Адахан Мадумаровдун сынына кабылган. Ал эми Камчыбек Ташиевдин өкүлү болсо Бакыт Төрөбаев жаңы партиянын атын жеке өзү тандап, курултайды да эч ким менен кеңешпестен 11-сентябрга белгилеп алганын билдирген.

Мына ушундай нааразылыктар ачыкка чыккандан кийин төрт саясатчынын биригүүсү туңгуюкка кептелгени аныкталган. Эми биригүү болбой калганы расмий түрдө жарыяланды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар