Б.Төрөбаев БШКага кол тамгаларды тапшырды

“Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 72 миңден ашуун жарандын колун тапшырганын Фейсбуктагы баракчасына маалымдады. Ал кол топтоодо жардам көрсөткөн жарандарга жана тарапкерлерине ыраазычылык билдирди.

11-августа Борбордук шайлоо комиссиясына КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков да 50 миңден ашуун жарандын колун тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлер кеминде 30 миң жарандын колун тапшырып, 1 млн. сом күрөөгө коюуга жана тил сынагынан өтүүгө тийиш. Бул талаптарды аткарган талапкер расмий түрдөө каттоого алынат.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар