Азимбек Бекназаров талапкер болуп катталды

2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Азимбек Бекназаровду президенттикке талапкер катары расмий түрдө каттоого алды. Ыңкылаптардын “бульдозеру” аталган Азимбек Бекназаров Шайлоо кодекси талап кылган 30 миңден ашуун жарандын колун топтоп, тил сынагынан өтүп, 1 млн. сом күрөөгө койгондон кийин катталды.

Азимбек мырзага чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаров катталган эле.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрга чейин талапкерлерди каттайт. Андан кийин үгүт өнөктүгү башталат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар