Ажылыкка аттангандардын биринчи тобу жөнөп кетти

7-августа Манас аба майданынан Кыргызстандан ажылыкка сапар алгандардын биринчи тобу учуп кетти. Алар Медина шаарына түшөт. Ажылардын алгачкы тобун узатуу үчүн  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев узатты.

Кыргызстандан быйыл 4585 киши ажылыкка барат. Аларды Сауд Аравиясына жеткирүү үчүн 15 каттам болуп, алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан жөнөтүлөт.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар