Августа Турсунбековдун тагдыры чечилет

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, август айынын ортосуна Жогорку Кеңештин чукул сессиясын чакыруу пландаштырылууда. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызматтан алуу маселеси каралат.

“Атыла элек аюну териси” болгон спикерлик үчүн КСДПда азырта күрөш башталып, “биринчинин” көзү менен айлангандар арбын.

Чыныбайды “сен чыксаң, биз колдойбуз” деп, “колтугуна суу бүрккөндөр” эми төрагалык, өкмөт башчылык өңдүү устукандарга умтулуп, ажонун айланасында котолоп жүргөндөй.

Аларга ишенген Чыныбай Турсунбеков “биринчинин” сызыгынан чыгып, президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин 17-майда КСДПнын саясий кеңешинде колдобой койгон эле. Ошону менен президенттин жана анын эң жакынкы айлана-чөйрөсүнүн каарына калды.

КСДПнын бардык саясий өнөктүктөрүнө акчаны аянбай чачкан Чыныбай Турсунбеков натыйжада четке сүрүлүп, “изгой” болуп жатканын жакындарына 17-майдан кийин эле айткан.

Өзүнүн багытынан тайбаганын көрсөткөн Турсунбеков КСДПнын 15-июлдагы курултайында Сооронбай Жээнбековго альтернатива болууга аракет жасады. Бирок курултай делегаттарынан эч кандай колдоо таппады.

Эми кашайып,  Чыныбай Турсунбековдо артка чегинүүгө мүмкүнчүлүк жок. Анткени президенттик шайлоого катышам, талапкерлигимди өзүм көрсөтөм деп эки-үч жолу ачык жарыялап жиберди.

Бирок ушул кезге чейитн БШКага арызын бере элек.  Арыз берүүгө дагы бир аз убакыт бар. Белгилүү болгондой август айынын башталышына чейин талапкерликти көрсөтүүгө болот.

Шайлоого жалгыздап баруу Турсунбековго жеңишти кепилдебейт. Партиянын атынан баруу шансын бир топ жогорулатмак.

Чыныбай Турсунбеков ар кандай тобокелчиликтерге карабай  президенттик шайлоого аттанса, анда  өз алдынча саясий фигурага айлануусуна жол ачылат.

Жеңиш болбосо да жүзүн сактап, өзүнчө партия уюштуруп, алдыдагы парламенттик шайлоого өз алдынча барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Акча, байлыгы жетиштүү Чыныбай Турсунбеков андай максаттарды алдыга кое алат.

Албетте спикерликти жоготот, партиядан чыгарылышы да мүмкүн. Ал эмес кылмыш иши козголушу да ыктымал.

Ал эми шайлоого барбай калуу жүзүн жоготууга барабар. Ошондуктан Чыныбай Турсунбековдо татаал тандоо турат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар