Атамбаевдин президенттигинин жыйынтыгы…

20-ноябрда  Атамбаев 6-жылдык президенттигинин жыйынтыгын чыгарды. Жыйынтыкты өзү каргап-шилеп жүргөн Госдеп, АКШнын социологиялык сурамжылоо институту Гэллаптын кайсы бир сурамжылоосуна таянып чыгарды.  Атамбаевдин маалыматы боюнча, Гэллап Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң эле туруктуу жана келечектүү мамлекет деп тааныптыр…

Кыргызстан бийлик алмаштырууда, демократиялык жараяндарды өнүктүрүүдө кошуна мамлекеттер алдында ийгиликке жетишкени айкын. Бирок, бул азыр кошоматчылар ар тараптан кыйкырып жаткандай Атамбаевдин эмгеги эмес.

Кыргызстан демократиялык жолго 1991-жылы эле түшкөн. Раматылык Абсамат Масалиев шайлоо жолу менен бийликти Аскар Акаевге өткөрүп берген. Ал баарыбыздын эсибизде. Ал эми андан кийин Акаевдин бийлигин кайра-кайра узартуусу башка маселе…

Атамбаевдин алты жылында Кыргызстан экономикасы ийгиликке жетпеди.  Кыргызстанды сызга отуругузуп, алдап келаткан Кумтөр маселеси чечилбеди.

Кошуна мамлекеттер экономика жагынан алда канча алдыга кетти. Чоң өнүгүүнүн пайдубалын түптөштү. Ошол эле Өзбекстанда ондогон дүйнөлүк автомобилдик маркалар автоунааларды чыгарып жатат. Казакстан өнүгүүсү баарына белгилүү. Бул өлкөнүн валюта запасы эле 100 млрд. долларга жакын.

Тажикстан 17 млрд. килловат сааттан ашык электр энергиясын өндүрө турган  Рогун ГЭСин куруп жатат. (Салыштырып көрүңүз: Кыргызстандын бардык ГЭСтери жана ТЭЦи жылына болгону 14 млрд. килловат саат гана электр энергиясын өндүрөт). Бизде Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын каскадында чакан ГЭСтерди куруу токтоду.

Атамбаев бийликке келгенден бери Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгы өсүү жолунда. Маселен, быйылкы жылдагыдай эле келерки жылдын бюджетинитн тартыштыгы да 20 млрд. сомдон ашуун болот. Реалдуу тартыштык андан эки эсе көп десек жаңылышпайбыз.

Бюджеттин тартышыгы деген-демек, мугалимдерге, дарыгерлерге жана башка бюджет кызматкерлерине айлык акылар көбөйбөйт дегенди билдирет. Чындыгында эле бюджетте айлыктарды көтөрүү каралган эмес.

Атамбаев мамлекеттин тышкы жана ички карызызын абдан көбөйттү. Мамлекттик карызды төлөөгө эбегейсиз каражат кетип, мугалим, дарыгер жана башкалардын ырыскылары жулунуп кетүүдө. Бул тенденция жыл сайын күчөйт.

Маселен, келерки жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 26 млрд. сомго жакын акча, 2019-жылы 28 млрд. сомдон ашуун, ал эми Атамбаев 2020-жылы партиясын баштап парламенттик шайлоого барам деген жылы 35 млрд. 292 млн. сом  бөлүнөт…

Кыргызстан  финансылык инстутаттардын насыясына көз каранды бойдон кала берүүдө. Атамбаев кечээ күну бекеринен “МВФтин грантынан кур калдык, буга унпуруштар күнөөлүү” деп заарканган жок…

Атамбаев өкүмзордук менен Кыргызстан саясий талаасын атаандаштарынан тазалады. Жалган жалаалар менен белгилүү саясатчылар абакка тыгылды. Мамлекеттик органдар, институттар, бийлик бутактары Атамбаевдин эркинен чыга албаган “жетелемеге” айланды.

Өлкөнүн саясий айдыңын атаандаштардан  тазалаган Атамбаев эми партиясын жетектеп, парламентти биротоло ээлеп алуунун камын көрүүдө. “Парламенттик шайлоого даярдык көрөм, КСДПнын тизмесин өзүм түзөм” дегени мына ошондон кабар берет.

 

Тышкы саясаттагы алешемдиктер…

Казакстан, Түркия, Кытай, АКШ, Тажикстан, араб өлкөлөрү менен мамилелерди бузуп, мамлекетке жана жарандарга эбегейсиз зыян, кыйынчылыктарды жаратты.

Кытай менен мамилени бузуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун аткарылышы токтоду. (Буга жеке Атамбаев күнөөлүү. Дал ушул Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бизге кереги жок, андан көрө Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун салабыз деп эсти кетиргени эсте. Азыр эми Атамбаев күнөөнү парламентке оодарып жатат. Байкуш парламент чындыкты айтууга кайдан жарасын?!). Кыргыз жарандарынын Кытайга визасыз каттоосуна тыю салынды. Андан ишкерлер абдан чоң зыянга учурап жатат.

Казакстан менен мамилени Атамбаев жеке амбициясы жана бийлигин сактап калуу үчүн бузду. Ал Бабановдун бийликке келип калышынан абдан катуу коркту. Коркууга себептер абдаан көп…Ошондуктан Бабановго  колдоо көрсөткөн Назарбаевге опурулуп, эки мамлекет ортосундагы мамилени бүлгүнгө салды…

Мына ушундай абалда ал президенттиктен кетип жатат…

 

 

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар