Атамбаевдин “чачын агарткандар” боюнча сот болот

Бүгүн, 29-июнда Октябрь райондук сотунда “Заноза” сайтына байланыштуу үч соттук териштирүү болот. Сайттын уюштуруучуларынын бири Нарын Айыптын маалымдоосуна караганда, эки соттук териштирүү Нарын Айыптын макалаларына байланыштуу болсо, бир соттук териштирүү парламенттин мурунку мүчөсү, “Адилет” укуктук-клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын “бул маньякалдуу түрү бар адамды токтотуш керек” деген сөзү боюнча болот.

Башкы прокуратура берген доодо бул экөөнө ири өлчөмдө айып пул салуу талабы коюлган. Сот экөөнө тең сыртка чыкпоого чечим чыгарган. Нарын Айыптын Бишкектеги квартирасын камакка алган.

Бул үч макаланын тең президент жана анын жүргүзгөн саясатына байланышы бар. Президент Атамбаев кызматка келгенден бери журналисттер жана саясатчылар айынан “ ден соолугун жоготуп, чачы агарганын” арызданып келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар