Атамбаевчылар каршылыгы…

Акыркы мезгилде Атамбаев менен Жээнбеков “тил табышып” алгандай болгону эки окуядан байкалган эле. Биринчиден, Жээнбековдун жубайы Раиса Атамбаеванын 60 жылдык юбилейине катышып,  “достордун” үй-бүлөлүк мамилеси ордунда экенин көрсөткөн. Андан кийин 27-июнда Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда Атамбаев мезгилиндеги “жетишкендиктерди” санап өткөн эле.

Бул көрүнүштөр Жээнбеков менен Атамбаев ортосунда кандайдыр бир көпүрөө салуу аракетинен кабар берген.

Атамбаев менен тил табышууга Жээнбековго эки нерсе түрткү бериши ыктымал. Биринчиси, ортодо турган КСДП. Экинчиси, өзүн бийликке алып келген адам менен тил табышып, өзүнүн да келечекте ал сыяктуу абалга туш болушуна жол бербөөгө жол чабуу максаты.

КСДПга токтолсок. Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакын. Ал эми КСДП башкаруучу партия. Башкаруучу партиянын лидери Атамбаев. Атамбаев болсо Жээнбековду “эң башкы душманы” катары көрүп турат.

Жээнбеков үчүн да партия керек. Алдыдагы парламенттик шайлоого КСДП менен барганы оңтойлуу жана туура болмок. Бирок Атамбаев жана ага ишенимдүү жан-жөкөрлөр партияны кармата койчудай эмес.

Сагынбек Абдырахманов сыяктуулардын колу менен Атамбаевди партия лидерлигининен алып түшүү партияда чоң бөлүнүп-жарылууга алып келерин Атамбаевге ишенимдүү калган депутат Ирина Карамушкина кечээ жакында билдирип, эскертип чыкты. Ал “КСДП дегенде Атамбаевди түшүнөбүз. Атамбаевсиз КСДП жок болот. Атамбаевди партия лидерлигинен алып түшүү мүмкүн эмес. Алып түшүлсө чоң бөлүнүп-жарылууга алып келет” деп эсептейт.

Мунун жөнү жана негизи бар. Анткени Атамбаевге ишенимдүү капчыктуулар (Калык Султанов, Чыныбай Турсунбеков ж.б.) да жок эмес. Депутаттар да бар, аз болсо да… Атамбаев өзү шайлоого көп акча жумшоого даяр турат…

Атамбаевчылар кээ бир региондордо да активдүү. Сапар Исаковдун кичи мекенинде аны бошотуу талабы менен кол топтолуп жатышы мына ошонун бир белгиси…

Ошондуктан Жээнбеков Атамбаев менен тил табышуунун аргасын издеп жатышы ыктымал.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар