Атамбаев жана Исаков Кумтөрдү сүйлөштү

12-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Сапар Исаковду кабыл алды. Анда “Центерра голд инк” менен өкмөт кол койгон жаңы келишим жөнүндө сөз болгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сапар Исаков жаңы келишимде экологиялык маселелерди чечүү каралганын билдирген. Атамбаев өз кезегинде “Кумтөр саясий оюн жана дестабилдештирүү фактору болбой, экономикалык долбоор катары мамлекет жана жарандар кызыкчылыгына натыйжалуу иштеш керектигин, өкмөт ага жетишиш керектигин белгилеген”.

Кумтөргө толук ээлик кылган канадалы “Центерра голд инктин” 1.1 млрд. долларга “Томпсон-крик” компаниясын сатып алуусу республикада сын жаратууда.  “Республика-Ата журт” фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бул үчүн “Центерраны” сотко берүүгө өкмөттү чакырды.

“Центерра” жаңы компания сатып алуу үчүн кошумча акция чыгарган. Анын натыйжасында “Центеррадагы” Кыргызстан акциясы 33%дан 26% чейин төмөндөп кетти.

Өкмөт бул жагдайда эч нерсе кылбай, алакан жайып олтурат…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар