Атамбаев оюну…

31-мартта КСДПнын курултайы болот. Анда Атамбаев партия төрагалыгына шайланмакчы. Атамбаев партия башына расмий түрдө келгенден кийин партиясын тазалап, парламенттик шайлоого даярдык көрөрүн, тизмени баштап барарын өткөн жылы президенттиктен кетүү учурунда билдирген.

Курултай бир нече жолу которулуп, соңунда 31-мартка, Бишкектеги “Орион” мейманканасына белгиленгени кабарланды. Бирок курултай жабык болуп, ага журналисттер киргизилбей турганы маалым болду. Делегаттар да телефондорун өчүрүп же калтырып кирери айтылууда.

Президенттик өнөктүк учурунда Атамбаев мына ушундай ыкма менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жабык жыйын өткөрүп, анда Жээнбековду шайлайсыңар деп болуп көрбөгөндөй басым жана кысым жасаганы кабарланган. Эми партия курултайынын жабык өтүшү, ага телефондорду алып кирүүгө тыю салынышы да Атамбаевдин кезектеги чоң саясий оюнунан кабар берет.

Бул оюндун түпкү максаты Кыргызстанда Атамбаевдин үстөмдүгүн калтыруу, ошону менен анын президенттик мезгилиндеги ар кандай коррупциялык (Бишкек ЖЭБинен баштап, Лигласс, Русгидро ж.б.), шектүү иштердин  ( Батукаевдин бошотулушу, Текебаев, Жапаров, Асанов,Кадыровдордун камалышы) ачылышына, иликтенишине жол бербөө.

Ошондуктан Атамбаев Жээнбековго үстөмдүк кылып, “баарын мен айткандай жасайсың” деп догурунганы байкалууда. Жээнбековдун өз алдынча анча-мынча иштеп көрүү аракеттери жаалын келтирип, “ордуна коюп коюу” аракетине алып келүүдө.

Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун “өз алдынча” болуп кетишине жол бербеш үчүн Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыртып,  парламенттин Сооронбай Жээнбеков айланасына топтолуусуна бөгөт коюуну көздөдү. Бул маселени Жээнбековдорго Атамбаев өзү жекече айтты. Жээнбековдор моюн толгоп койду. Андан кийин коомчулукка угуза Мискенбаев аркылуу айтты. Бул да таасир эте бербеди.  Соңунда КТРКа аркылуу кландык башкаруу жөнүндө жомокторду чыгарып, жебенин учун Жээнбековдорго багыттады.

Булардын баарынын саясий жыйынтыгы  КСДПнын Ош облусу боюнча координатору Асылбек Жээнбековдун 31-марттагы курултайга чакырылбашы болуп калды. (Бул КСДП Атамбаевдин менчик партиясы экенин ырастайт.)

Атамбаев курултайда кимдин ким тарапта экенин аныктап, өкмөт башына келүүнүн жолун караштырмакчы.  Эгерде ал өкмөт башына келген болсо, анда Жээнбековго ишемебиликтерде “тал отургузуу” ролун калтырарында шек жок.

Эгерде парламентте андайга мүмкүнчүлүк болбой турган болсо, анда мөөнөтүнөн мурун шайлоого барып, ар кандай жолдор менен жеңишке жетишип, парламентти жана өкмөттү колуна алмакчы. Атамбаевдин даярдыктары мына ошондон кабар берет. Анткени ал бекеринен “Апрель” телеканалын ачып жатпайт. Ал бекеринен курултайда партиясынын башына келип, шайлоого камданып жатпайт. Ал бекеринен маанилүү орундардагы кадрларын сактап, алар аркылуу таасирин сактап жатпайт…

 

 

 

 

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар