Атамбаев орун басарларын тандады

Атамбаев 27-апрелде КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда партия төрагасынын жаңы орун басарлары тандалды. Маалыматка караганда, Сапар Исаков Мурадыл Мадаминов жана Асель Кодуранова Атамбаевдин орун басарлары болуп калды. Алардын ичинен кимиси биринчи орун басар экени айтылган эмес. Бирок, биринчилик орунду Атамбаев “оң колум” деп жүргөн Сапар Исаковго ыйгарган болуш керек. Анткени бул көп жагынан логикага  туура келет.

Атамбаев КСДПнын төрагасынын орун басарларын дайындоосу партияны колдон чыгарбоо жана саясаттан кетпөө ниетинен кабар берет. Ал өзү  убадалагандай КСДПны келерки парламенттик шайлоого даярдап жаткандай. 27-апрелдеги Атамбаев жыйынына Чыныбай Турсунбеков, Марат Аманкулов, Калык Султанов, Икрам Илмиянов, Сапар Исаков, Асель Кодуранова, Алиясбек Алымкулов, Дүйшөн Ирсалиев, Ашера Халикова, Абдыманап Кутушев, Фарид Ниязов жана башкалар катышкан. Икрам Илмияновдун жыйынга катышуусу аны качып кетти деген сөздөрдү төгүнгө чыгарат.

Парламенттик шайлоого барууга Атамбаевде финансылык, маалыматтык ресурс жетиштүү. Ал баарына түшүнүктүү жана маалым. Ал эми кадрдык жана аброй жагынан чоң жоготууларга учурады.  Тынымсыз чыгып жаткан коррупциялык жаңжалдар жана КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн, партиянын жер-жерлердеги активисттеринин экиге бөлүнүп калынышы анын далили. Партия мүчөлөрүнүн бир бөлүгү президент Сооронбай Жээнбековго тартып, келечегин аны менен көрсө, экинчи азыраак бөлүгү Атамбаевге ишенимдүү калып жатканы коомчулукка маалым.

Атамбаевдин маалыматтык ресурсуна келе турган болсок, анын “Апрель” башында телеканалы турат.  “Апрель” башында турган медиа ресурстарды башкаруу Фарид Ниязовго жүктөлгөн.

Акыркы мезгилде Атамбаев жана Ниязов бир нече сайттарды ишке киргизип, аларда Жээнбековду кескин сындоо менен бир айрым учурларда ачыктан-ачык эле трайбализм сазына батууда. Атамбаевге таандык жетек сайттардан сырткары “Акипресс”, “К-Ньюс” сыяктуу сайттар, гезиттер ага жан тартып турат.

Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатындагы айрым мүчүлуштүктөрү Атамбаев эле эмес коомчулук тарабынан да сын айтууга негиз болуп берүүдө. Маселен, вице-премьер-министрлик кызматка Замирбек Аскаровдун дайындалышын алсак. Бул мырза Ош шаарынын мэринен эле вице-премьер-министрлик кызматка секирик жасады.  Анын адисттик, кесиптик жана билим деңгээли, тажрыйбасы жетиштүүбү өкмөттүн финансы жана экономика, банк тармагын координациялоого, жетектөөгө деген суроолор жаралууда.  Бир жагынан алганда Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү коалициялык өкмөт экени белгилүү. Ошондуктан Аскаров Жээнбеков эмес, коалициянын мүчөсү “Бир болдун” кадры экени белгилүү…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар